Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

11:40 УТРК кызматкерлери ачкачылык акциясын улантууда


УТРК жетекчилигине нааразылык билдирген корпорациянын ондон ашуун кызматкерлери ачкачылык акциясын УТРК башчысынын мурдагы орун басары Бешйшенбек Бекешовдун үйүндө улантууда. Бейшенбек Бекешовдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ачкачылыкта отургандардын дагы экөөсүнүн абалы начарлап, бул тууралуу дарыгерлерге кабарланды. Бейшенбек Бекешов өткөн бейшембиде УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен ачкачылык жарыялап, анын мындай демилгесин корпорациянын дагы ондон ашуун кызмактери колдоп чыгышкан. Ачкачылык жарыялагандарды ошол эле күнү кечинде милиция УТРК имаратынан күч менен чыгарып, алар ошондон бери мындай нааразылык чарасын Бейшенбек Бекешовдун үйүндө улантууда. Алар талаптары аткарылмайын ачкачылыкты токтотушпастыгын айтышууда. УТРК жетекчилиги болсо алардын талаптары негизсиз экенин буга чейин билдирген. (SM)

XS
SM
MD
LG