Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

13:22 Кореялыктар картөшкөнү кайра иштетүүчү завод курууга даяр


Аталган маселе айыл чарба министри Арстанбек Ногоевдин өтүп бараткан аптада Түштүк Кореялык «Бистек» корпорациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда каралды. Министрдин айтымында бул доолбоордун баасы 40 млн. долларды түзөт. Ал эми ал заводдо продукциянын жети түрү чыгарылаары айтылууда. Алар: крахмал, картөшкө ширеси, протеин, клейковин, этил спирти, биоэтанол, CO2 (көмүр кычкыл газы). Мындан тышкары иштетилген калдыктардан малга тоют жана минералдык жер семирткичтер да чыгарылат. Алдын ала маалыматтарга ылайык Кемин районунун жергиликтүү бийликтери картөшкөнү өстүрүүгө Чымкоргон айыл өкмөтүнөн жер бөлүп беришкен. Эгер эки тараптуу кызматташтык үзүрлүү болсо, Түштүк Кореялык корпорациянын өкүлдөрү ушундай эле заводдорду Нарын жана Ысыккөл облустарында курууга даяр экендигин билдиришти. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG