Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

15:23 А. Сасыкбаева: Жарандардын укуктарын чектөө акыры тоталитаризмге алып келет


Мындай пикирин “Азаттыкка” “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында эркин жыйналуу жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү, себепсиз камакка алуулар, жаштарды, укук коргоочуларды куугунтуктоолор жарандардын укуктарына шек келтирүүдө. “Бийликтин мындай аракеттери акыры геноцидке алып келип, авторитардык жана тоталитардык режимдеги өлкөнү жаратат. “Ошондуктан биз алдын алуу ирээтинде бул тууралуу президентке, президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы жана Акыйкатчыга кайрылуу жолдододук”,- деген А. Сасыкбаева кайрылууда президенттен конституциянын кепили катары жарандардын укуктарынын сактылышын көзөмөлдөө жана аны бузгандарды жазалоо талабы коюлгандыгын кошумчалады. (ESu)

XS
SM
MD
LG