Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

15:40 Карасуу районунда дагы жер титиреди


Жер титирөө кечээ кечки саат ондон өткөндө болуп, күчү 3 баллдын тегерегинде болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Карасуу районунун акими Токтосун Барманов билдирди. Аким андан кыйроолор жана жапа чегүүлөр болбогонун, бүгүн өзү райондун бир катар айылдарын кыдырып келгенин кошумчалады. Ушул жылдын башында Ош шаарында жана ага жакын Карасуу, Ноокат райондорунун аймагында күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 5 турак үй бузулуп, 630 турак үй, 15 орто мектеп жана саламаттыктык сактоо, маданият тармагына караштуу айрым мекемелер авариялык абалга кирептер болгону буга чейин кабарланган. (SM)

XS
SM
MD
LG