Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Парламентик шайлоонун жыйынтыгына нааразыланган жаштар акция уюштуруп улам милиция кармап кетип сот жообуна тартылып жатканына карабастан каршылык иш-чараларын уланта беришээрин билдиришүүдө. “Мен ишенбейм” кыймылы 14-февраль сүйүшкөндөр күнүнө карата “Сүйөм сени, Кыргызстан” аттуу Жогорку Кеңештин азыркы курамынын тарашын талап кылган иш-чара өткөрүүнү болжоп жатышат. “Бул талаптар канчалык негиздүү? Ага карата парламент өкүлдөрүнүн пикирлери кандай?” деген суроолор “Азаттык+”тун жекшембилик тегерек стол үстүндөгү талкуусунда коюлуп, ага “Мен ишенбейм” кыймылынын жигердүү мүчөлөрү Гүлшайыр Абдирасулова, Айсулуу Алымбек кызы, Жоомарт Сапарбаев, “Ак жол” партиясынан шайланган жаш депутат Максат Кунакунов, ошондой эле Медиа өкүлчүлүк институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков катышты.

“Азаттык”: - Сиздер башында “Мен ишенбейм!” деген ураан менен шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыктыңыздар эле. Азыр бул жаштардын кыймылына айланды. Ушул кыймылды азыр кандай деп мүнөздөөгө болот? Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ынабаган, эмдигиче ага ызаланып жаткан жаштардын тобубу же дагы башка да көздөгөн максаттары барбы?

Ж. Сапарбаев: - Албетте биз шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, парламентти мыйзамсыз деп таанып ошол үчүн чыкканбыз. Бирок мына жалаң мыйзамсыз көрүнүштөргө кездешип отуруп, “Мен ишенбейм” кыймылы Кыргызстанда болуп жаткан бардык мыйзамсыздыктарга каршы чыгат окшойт. Бирок азыркы убакта парламентке каршы чыгып, аны мыйзамсыз деп таанылышын талап кылып жатабыз.

А. Алымбек кызы: - Бизди бийликтин кармап кетип жатканы бийликтин чындап эле мыйзам бузганын жана коркконун көрсөтүп жатат. Жыйырма чакты баладан корккон жок, биздин артыбыздан эл чыгып кетпесин деп коркуп, ошон үчүн кармап жатат.

Г. Абдирасулова: - Силер мыйзамсыз чыгып жатасыңар деп күнөөнү бизге коюп жатышат. Биз баарыбир акцияларыбызды уланта беребиз деп жатабыз. Биз эми Бишкек шаардык кеңештин нааразылык акцияларды чектеген токтомун карап, иш-аракеттерибиз тууралуу алдын-ала билдирели деп жатабыз. Бирок алдын-ала маалымдаган күндө деле баарыбир кармап кетерине мен толук ишенем. Анткени Айсулуу айткандай булар мыйзамсыз чыгып жатканыбыздан эмес, артыбызда эл, жаштар бар экенинен коркуп жатышат.

Ж. Сапарбаев: - Бизди кармасын же кармабасын деген чечимдердин себеби саясатта.

“Азаттык”: - Максат мырза, парламент өкүлү катары сиз бул талаптардын негизин канчалык деп баалайсыз?

М. Кунакунов: - Биз, Кыргызстан жаштары көбүнчө кайсы бир чоң саясатчылардын куралы болуп калып жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, көчөгө чыгып жөн эле айта бергенден пайда чыкпайт го деп ойлойм. Жанымда отурган балдарга айтып кетет элем, андан көрө Кыргызстандын экономикасын кандай көтөрөбүз, социалдык жагын кандай кылып оңдойбуз, өлкөбүздү кантип байытабыз, айыл жериндеги адамдардын абалынын оңолушунун кандай жолун табабыз деп, жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына салым кошуп, кошо жардам берип ушул программа менен иштеп кетели деген максат менен чыгыш керек. Мына күзүндө Курманбек Салиевич өзүнүн кайрылуусунда баарыбыз бир бололу, биригели, бир кадам менен баралы деп айтпады беле. Ар бирибиз ар кайсы жакка тартканда деле пайда чыкпайт. Ошондуктан бир эл болгондуктан биригип бир максат менен чыгыш керек. Мына жанымда отурган балдарды чакырып кетет элем. Андан көрө чогулалы. Азыркы учурда мен “Ак жол” партиясынын жаштар канатын башкарып, балдар менен жаңы программаларды түзүп жатабыз. Келгиле чогуу иштейли. Мына азыркы парламентте мен эң жаш депутатмын. Жөн отурбай, жаштар чогулуп, бир программа түзүп, эски кишилерге бир жаңылык киргизели. Өзүңөрдүн кандай программаларыңар бар, кошулуп туруп чогуу иштейли. Көчөгө чыгып “сен кет, мен кел” дегенден пайда чыкпайт.

Ж. Сапарбаев: - Биринчиден, эл көчөгө эмнеге чыгаарын өзүңөр билесиңер. Эл көчөгө аларды эч ким укпай калганда чыгат. Анткени ар бир мамлекетте, коомдо эл ар дайым чыга турган институттар, органдар болуш керек. Алар элдин мүдөөсүн угуп, кызыкчылыктарын коргошу керек. Кыргызстандын жөнөкөй жараны ошол органдар аркылуу өзүнүн кызыкчылыгын коргой албай калганда, мүдөөсүн уктура албай калганда анан көчөгө чыгат. Мына урматтуу депутат чогуу иштешүү тууралуу айтып жатат. Билбейм эми, Бакиевге ишенип болобу же болбойбу. Эртең эле анткен жокмун деп коюшу мүмкүн. Үч жылдан бери эле айткандарын, анан аткаргандарын көрбөдүкпү. Ошондуктан азыр ишеним деле болбой калды. Анан эң акыркысы ушул ыплас, көз боемочулук менен өткөн шайлоодон кийин андай кишиге кантип ишенесиң? Бир айда эле пайда болгон партия бир айда эле элдик боло калып бүт мамлекеттин баарын баса калганы бул саясат таануунун теориясында да, тарыхта да эч качан болгон эмес. Мындай биздин Кыргызстанда гана болушу мүмкүн. Анткени Кыргызстанда азыр мыйзам эмес, бирөөнүн кызыкчылыктары, жеке ойлору иштей баштады.

М. Кунакунов: - Биз “Ак жол” партиясынын программасын элге деле сунуштадык. Эл деле колдоп атты. Программа жаман эмес. Курманбек Салиевичтин айткан сөздөрүн, элге кайрылууларын анализдеп, экономика жагын, кайсыл тармакты кандай көтөрөөрүн карап көрсөк, ийгиликке жеткенге жолдор көп. Ошондуктан урматтуу президентибизди эл шайлагандан кийин аны сыйлайлы. Бири-бирибизге жаман сөз айткан туура эмес. Буттан тартып, ылдый түшүргөнгө аракет кылган жаман нерсебиз бар да.

Г. Абдирасулова: - Качан биргелешкен конструктивдүү, натыйжалуу иш болот? Качан гана бири-биринин ортосунда ишеним болгондо. Бүгүнкү Жогорку Кеңеш жалаң фальсификация менен мыйзамсыз өтүп алып элдин ишениминен чыгып кетти. Анан бизге келгиле, бирге иштейли деп айтып жатышат. “Мен ишенбейм” деген акция тууралуу баардык жарандык коом билип эле калды. Жогорку Кеңешке барган күндөрүбүз деле болду. Ичине кирели деп, мен Алишер Мамасалиевге чалган күндөрүм деле болду. Ошондо дагы Жогорку Кеңештин аппаратынын төрагасынан кириш үчүн уруксат сурагыла деген жоопту уктум. Анан Шаардык кеңештин тынч акцияларды өткөрүүнү чектеген токтому боюнча да кайрылгам. Жаштар ушунун айынан кармалып, соттолуп жатканыбызды да айткам. Ошондо дагы “силер арыз жазгыла” деген. Чындап Жогорку Кеңеш эл үчүн иштегиси келсе, жаштардын кызыкчылыгын көздөгүсү келсе бул токтомду качан эле көтөрүп, карап коюшса болот эле. Ал жерде ыйгарым укуктары бар комитеттер бар. Ошолор көтөрүп, бул токтом Конституцияга карама-каршы келет деген жактарын карап коюшса болот эле. Жаштар Жогорку Кенештин, БШКнын алдына тургандан кийин, бир чыгып, “эмне болуп атасыңар, эмне үчүн келдиңер?” деп сурап койсо болот да. Качан гана жаштар алдына жалынып барып, эшигин кайра –кайра каккылаганда гана иштешеби? Эми радиолордон, телевидениялардан “келгиле, бирге иштейли” деп айтып жатышат. Мага аябай кызык болуп жатат да. Биз барып эле жатабыз. Кирели, жолугалы деп жатабыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бирөөсү да бизди киргизип, ушул саатта келип калсаңар мен пропуск даярдап коем деп да айта элек.

М. Кунакунов: - Мына эми мен жаныңарда отурам. Силердин бирөөңөр да мага кайрылган эмессиңер. Анан көңүл бурган эмес деген сөздөргө мен да кичине нааразы болуп атам. Анткени мен дайыма ачык жүрөм. Бирөөнү жактап көргөн эмесмин. Дайыма өзүбүздүн балдар менен чогулуп коллектив менен чечим чыгарып туруп анан чыгабыз. Анан мен силердин чоң саясатчылардын эле кызыкчылыгын көздөп чуркап жүргөнүңөрдү туура эмес деп эсептейм.

“Азаттык”: - Бишкек шаардык кеңештин нааразылык чаралардын өтүшүн чектеген токтомунунун парламентте каралашы боюнча эмне айта аласыз?

М. Кунакунов: - Ушул токтом боюнча мага эч нерсе келген эмес. Мен токтомду карап көрөйүн. Шаардык кеңештин токтому боюнча башка органдардын чечимдери чыксын. А бизге нааразычылыктарыңар болсо бергиле, мен көрүп чыгайын. Ошол мыйзам жагын карап туруп, өзүмдүн чечимимди айтып жардам берейин.

“Азаттык”: – Биздин студияда юрист дагы отурат. Илим мырза, сиз нааразыланган жаштардын иш-аракеттерине жана “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүнүн кармалып, соттолушуна алып келген Шаардык кеңештин токтомуна укуктук жактан кандай баа бересиз?

И. Карыпбеков: - Рахмат. Бул токтомго юридикалык баа берип кете турган болсом, жеке баамымда дегеле ал биздин Конституциябызга жана эл аралык келишимдерибизге, эл аралык коомчулукта алган милдеттерибиздин бардыгына төп дагы, туура да келбейт. Муну юридикалык факультетти жаңы бүтүп чыккан адис деле айтат болуш керек. Соттун биринчи инстанциясынын жок деп, токтомду күчүнө калтырып коюшунан, мындай чечим чыгарган судьяга саясий же дагы башка басым көрсөтүлдү болушу керек деген ишеничим бар. Ал эми акциялар боюнча мен мындай деп айтып кетмекчимин. Башында мына камакка алуулар болду. Анда ушул кыймылдын мүчөлөрү уруп-согууга дуушар болушту. Токтом чыкканы чыкты. Бул бир жагы. Биз муну одоно мыйзам бузуу менен чыккан токтом деп айтып жатабыз. Ошентсе да бул токтом күчүндө. Анан бул токтомду жокко чыгаруунун ички механизмдери бар. Сөзсүз түрдө бул токтомдун тез аранын ичинде жокко чыгарылышына облусттук сотко, облусттук сотто болбосо Жогорку сотто, Жогорку сотто болбосо андан ары эл аралык сот органдарына берип жетишсе болот. Бул биринчиден. Экинчиден, биздин өкмөтүбүз буларды уруп-согуп ташып кетип жатканы туура эмес. Мен ойлойм кайсы бир деңгээлде биздин эл аралык аброюбузга дагы өтө чоң шек келип жатат. Парламенттин, бийликтин өкүлдөрү бул жерден дагы, башка жерден дагы өзүнүздөр келгиле, конструктивдүү иштейли, буга чейин мага келген жоксуңар, кайрылган жоксуңар деп айтып жатышат. Эл чыгып өзүнүн ой-пикирин, нааразылыгын билдирип жатса , парламент өкүлдөрү болобу, бийликтин өкүлдөрү болобу эмне жөнүндө алар нааразы болуп жатыптыр деп, алардын койгон талаптарын карап чыгып, мынакей, бул койгон талаптарыңыздардын жарымы ишке аша турган турган нерсе, жарымы ишке ашпай турган нерсе, эгерде ишке ашпай турган нерсе болсо, момундай-момундай негиздерге ишке ашпайт, ал эми бул талаптарыңыздар ишке ашат деп, келгиле эми чогуу иштейли деп бийлик биринчи кол сунуп өзү барыш керек. Бул демократиялык коомдо. Эгерде биз авторитардык коомго баратабыз десек анда азыркы бийликтин кылып жаткан жолу туура. Ушинтип кете берсе биз тез аранын ичинде эле авторитардык коомго барабыз. Мен буга толук ишенем. Анан ошентсе да бул жерден ички механизмдерди сакташыбыз керек. Ошол токтом турса дагы одоно барып алып, өзүнүн жаштык күчү, жүрөктөн чыккан жол менен митинге чогулуп, анан милициялар кармап кетип жатат.

Эгерде так мыйзамды карап келсек, эки-үч мыйзамсыз, легитимдүү эмес Конституцияда жашап келдик. Эми азыркы парламент канчалык легитимдүү жана легитимдүү эмес деп суроо кое турган болсок бул талаш-тартыш көпкө чейин кете берет жана эч качан чечилбейт. Ошон үчүн бул жерде парламент өкүлдөрү ушул талаптарды карап чыгып, өздөрү кол сунуп кандай кылып чечсе болот деп ойлонушу керек. Ал эми жаштар жанагы ички механизмдерди толугу менен иштеткенге аракет кылышы керек. Ошондо гана биз конструктивдүү бир чечимге келе алабыз го деп ойлойм.

“Азаттык”: - Максат мырза, парламент кол сунуп, талаптарды карап чыга алабы?

М. Кунакунов: - Албете, сөзсүз бара алат. Өзүбүз шайлоодо жүргөндө көп эле жерде депутаттар Жогорку Кеңешке келгенден кийин көрүнбөй калат деп айтылып жүрчү. Эми андай эмес. Мына мен астыңарда турам. Кандай гана чечимдер, кандай гана мыйзам бузуулар болсо мен ошону карап чыгып силерге жардам бергенге аракет кылайын.

И. Карыпбеков: - Мен кошумча айтып кетейин. Мына депутат мырза “токтомду көргөн жокмун, карап чыгайын” деп айтып жатат. Менимче ошол жерде отурган депутаттар, “Ак жолдун” өкүлдөрү болобу, СДПКныкы болобу баары бул иш жөнүндө абдан сонун билишет. Мага кайрылмайынча мен отура берем дебестен, “булар эмнеге ызы-чуу болуп жатышат, эмнеге жаштар мыйзам бузуп жатышат” деп кызыгышы керек болчу. Жаштар чынында эле мыйзам бузуп чыгып жатышат. Эмнеге чыгып жатышат, эмнеге айыпталса дагы кайра эле чыгып жатышат, балким бир нерсе болуп жаткандыр деп өздөрү карап чыгышы керек деген оюм бар. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өзүнүн баасын бериш керек, канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана мыйзамдуу эмес деп. Азыр бир прецидент бар да. Мына Ысыккөл облусунун юстиция органы ошондой токтомду кабыл алуудан баш тартпадыбы. Себеп дегенде бул мыйзамга туура келбейт. Демек бир мамлекеттеги органдын эки бөлүмү эки таптакыр башка чечим кабыл алып жаткандан кийин бул кайсы бир деңгээлде жогорку бийликке белги болуш керек. Бул туура эмес болуп жатат, коомчулукта кандайдыр бир чоң катачылыктар кетип жатат, ушуну оңдогонго аракет кылышыбыз керек деп булар биринчи кол сунушу керек.

М. Кунакунов: - Мен кошумчалап кетейин. Бул бир эле токтом эмес да. Бул ишти караш үчүн бир токтом менен чечим чыгара албайсың. Ошондуктан өзүңүз да айтып кеттиңиз, көптөгөн карама-каршылыктар да бар. Ошонун баарын изилдеп туруп анан чечим чыгарыш керек. Биринчиден, муну чече турган органдар бар. Экинчиден, улам эле чурулдап жүргөн туура эмес.

Ж. Сапарбаев: - Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарына ушундай иштерди караганга убакыт жетпей атса, мен бир кеңеш айтып кетет элем. Машина, квартира тууралуу чатактарды кое туруп, батыраак ошондой опурталдуу маселелерге көңүл бурса. Бирок парламент муну эч качан карабайт. Анткени “Ак жол” фракциясы жана парламент өзүнүн оюн айта турган, мыйзамды карай турган парламент эмес, бирөөнүн буйругун аткара турган парламент болуп калды. Эми эч кимди таарынткым келбейт, бирок спикердин оозун карап эле отурушат.

Г. Абдирасулова: - Бул жерде чоң саясат, анан чоң саясатчылардын инструменти деп айтылып жатат, бир эмес, эки-үч жолу. Мен айтып кетет элем: биздин президентибиз жана спикерибизден башка Кыргызстанда азыр “чоң” саясатчыларыбыз деле калбай калды окшойт. Мен болсо, “Мен ишенбейм” деген акциянын саясий жагын такыр эле көрбөй жатам. Бул жерде тандоо укугубузду коргоп жатабыз. Шайлоо таза эмес өттү, биз шайлоого катыша албай калдык, студенттердин биз эки-үч жолудан катыштык, бизге басым болду деп чыкканын саясат деп көрбөйм. Бул адам укугу. Ар бир жарандын укугу. Жаштар өзүнүн укугун коргоп чыгып жатышат. Экинчиден, эгер салыштырып келсек мына жакында эле эки жүз үч жүздөй “Ак жолдун” жаштары аянтта турду, желектерин көтөрүп алып. Ошол эле кезде биздин “Мен ишенбейм” кыймылынын он чактыдай жаштары да турду. Он чактыдай жаштар камалып, соттолушту “Ак жолдун” балдары камалган жок. Чон айырма болуп жатат. Ошондуктан силер мыйзамды бузуп жатасыңар деген деле туура эмес болуп жатат. Биз мыйзамды бузган, же бузбаганда деле мыйзам өзү бул жерде баарына тең эмес болуп жатат.

“Азаттык”: - Ырахмат, куруп берген талкууңуздарга!

Соңунда: Азаттык+ уюштурган талкуудан кийин “Мен ишенбейм” кыймылынын жигердүү мүчөлөрү кыргыз парламентинде көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү менен көзмө-көз жолугушуп, өздөрүнүн талаптары тууралуу дүйшөмбү күнү 11-февралда ийри отуруп, түз сүйлөшүүнү макулдашышты.
XS
SM
MD
LG