Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Эл аралык укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму өткөн жыл ичиндеги дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. 31-январда жарыяланган баяндамада Кыргызстанда 2007-жылы демократия алсырап, саясий куугунтуктоолор күч алганы белгиленген. Кыргыз бийлиги жана адам укугун коргоочулар буга кандай карайт?

Хьюман Райтс Уотчтун баяндамасында Кыргызстандын демократиядан артка чегинүүсүнүн белгиси катары Конституцияны кабыл алууда референдумга катышкан адамдардын санын жасалма көбөйтүү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн куугунтуктоо, маалымат каражаттарынын ишине кийлигишүү, убактылуу кармоо жайларында кишилердин өлүмү далил катары саналган.
Бирок уюмдун баяндамасына Кыргызстанда акыркы кезде орун алган «Мен ишенбейм...» акциясына катышкан жаштарды куугунтуктоо, адамдарды себепсиз камакка алуу, митинг жана пикеттерди чектөө, парламенттик шайлоо боюнча эл аралык уюмдардын терс баасы кирбей калган.

Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлү, Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев Хьюман Райтс Уотчтун баяндамасы менен такыр макул эместигин билдирди:

"Абсолюттук түрдө кошулбаймын. Булардыкы кош стандарттуу саясат болуп жатат. Башка мамлекеттерге мамиле башкача. Ал жакта бомба таштап, талкалап атышат. Ага унчукпайт. А бизге тийише берет. Бул кош стандарттуу саясат. Эгерде уюмдун Кыргызстанга карата фактылары болсо, анын үстүнөн иштеш керек".

Ал эми өлкөдөгү «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдырасулова Хьюман Райтс Уотчтун баяндмасына карата мындай пикирин ортого салды:

"Кыргызстан демократиядан тайганын биз ачык айтып келатабыз. Аны жөн эле айтпастан далилдер менен айтып жатабыз. Маселен, жарандардын сөз эркиндигине укугунун чектелишин, Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен эркин жыйналуу укугунун бузулушу, ошондон кийин эле жаштардын жыйынына катышкандардын, ошолор менен укук коргоочулардын камалып соттолуп атышын, административдик куугунтукка алынышын мисал катары айтып жатабыз".

Мына ушундай терс көрүнүштөргө карабай акыркы кезде жергиликтүү укук коргоочуларды ички иштер, юстиция министрлери кабыл алып, кызматташууну сунуштоодо. Ошондой эле президенттин Акыйкатчылык кызматка Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөтүүсү бул багытта оң өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымалбы деген суроону пайда кылууда.

"Адилет министри да, ички иштер министри да бүгүнкү күндө эркин жыйындар боюнча жакшы мыйзам долбоорун биргелешип иштеп чыгышыбыз керек деген жыйынтыкка келип жатат. Турсунбек Акундун Омбудсмен кызматына келиши менен бул жагдай оңолот. Бул жалпысынан Кыргызстанда адам укуктарынын, демократиялык принциптердин алдыга жылышына бир топ салым кошот деген ишеним бар. Азырынча ишенип туралы,-деди Азиза Абдырасулова.

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо Хьюман Райтс Уотчтун баасын туура деп эсептейт:

"Бул баадан баш тартууга болбойт. Адилеттүүлүктү каалаган, аны ыйык туткан адам андай баадан терс бурулуп кете албайт".

Топчубек Тургуналиевдин пикиринде министрлердин укук коргоочулар менен кызматташуу аракети натыйжа бериши күмөн:

"Бул эчен жылдан бери келаткан миңдеген куру сөздүн бири болуп калышы мүмкүн. Себеби Кыргызстандын чоң саясатынын жалпы багыты ошондой болуп кетти. Жалпы саясат кайсы жактан көрүндү? Ал ошол эле референдум менен парламенттик шайлоодон көрүндү. Шайлоону булар теңирден-тескери өткөрдү. Андыктан Кыргызстандын мамлекеттик чоң саясатын буруш керек".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG