Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Борис Тадич Сербиянын президенттигине кайра шайланды


Ал шайлоонун кечээги экинчи айлампасында добуштардын 51%ын топтогон. Бул жыйынтык толук жана расмий эмес, бирок Тадичтин атаандашы Томислав Николич жеңилгенин моюнга алды. Экинчи айлампадагы добуш берүүгө серб шайлоочуларынын 67%ы катышкан. Улутчул маанайдагы саясатчы Томислав Николич Орусия менен тыгыз алаканын жактоочусу эле, ал эми президенттикке кайра шайланып жаткан Борис Тадич Еврошаркет менен интеграцияланууну колдойт. Экөөсү тең Косовонун көз карандысыздык алышына каршы, бирок Тадич кокус Еврошаркет Косовонун көз карандысыздыгын тааныган шартта да Сербиянын уюмга кошулуусун көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG