Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

АКШ СЕНАТЫ ООГАНСТАНДАГЫ ТЫМЫЗЫН БАҢГИЗАТ СООДАСЫНА ТЫНЧСЫЗДАНАТ


Америка Сенатынын тышкы иштер боюнча комиссиясы өткөн аптанын бейшембисинде НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы абалды турукташтырууга багытталган иш-аракеттери боюнча уктуруу өткөрдү. Конгресске Буштун администрациясы мамкатчынын орун басары Ричард Баучерди жөнөтүп, ал Ооганстандагы козголоңдорду басуу иш-аракеттери тууралу сенаторлорго маалымат берди. Баучер ошондой эле НАТОго мүчө өлкөлөрдү аймактагы тынчтыкты орнотуу боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга чакырды. Сенаторлор Баучер аркылуу Буштун өкмөтүн Оогантсанда өнүгүп келе жаткан дагы бир – баңгизат кризисине көнүл бурууга чакырды.

Ооганстанда америкалык күчтөр талип башчыларын бийликтен сүрүп чыкканына мына алты жылдан ашуун убакыт өттү. Ошентсе акыркы үч жылда фундаменталисттик бул топ кубаттуу козголоңдорду уюштуруп келет. Анткен менен Түштүк жана Борбор Азия боюнча АКШнын башкы дипломаты, мамкатчынын орун басары Ричард Баучер Сенатта НАТО күчтөрү Ооганстанда бир катар ийгиликтерге ээ болуп жатканын айтты.

Баучер ошондой эле Буштун өкмөтү үчүн Ооганстанда тынчтык орнотуу артыкчылык саясат экендигин да белгиледи. Буга карата демократ-сенатор Рассел Файнголд « Буш үчүн Ирак приоритет болуп атабы же Ооганстанбы» суроосун берди эле, Баучер түз жооптон качып, бул баягы ата-энеге кайсы балаң сага жакын дегендей эле кеп болду деп кутулду.

Мамкатчынын орун басарынын айтымында Буштун администрациясы кудуретсиз өлкөлөр «Аль- Каиданын» АКШга каршы багытталган аракеттерине колдонулуп калыш мүмкүндүгүн эстен чыгарбайт дейт.

“Кайсы жерде мамлекеттик бийлик чабал болсо, террористтер ошол жерде орун-очок алаары бышык. Алар ошол жерге чогулушуп бизди жок кылуу пландарын түзүүнү максат кылат. Силер планетанын эч бир булуң-бурчун көз жаздымдан чыгарып кое албайсыңар. Биз буга чейин деле башкарылбай калган аймактарды кээде дипломатиялык, кээде өкмөттөр аралык сүйлөшүү, кээде аскердик күч менен колго алып келгенбиз. Бул өңүттөн аракетибизди улантпасак АКШ үчүн коркунуч туула бермекчи,”- дейт Баучер.

Учурда Ооганстанда НАТО күчтөрүнүн 42 миңге чамалаш аскери бар. Алардын үчтөн бири АКШга тийиштүү.

Сенаторлор Ооганстанда талиптердин козголоңунан тышкары дагы бир олуттуу көйгөй тууралуу Баучерге эскертишти. Аймакта баңгизат маселеси курч алып, өлкөнүн түштүк тарабында, айрыкча Гелманд вилайетинде апийим өндүрүү болуп көрбөгөндөй көбөйүүдө.

Демократтардан сенатор Жон Кэрри өзүнүн жакында эле Ооганстанга болгон иш-сапары тууралу токтолуп, апийим өндүрүү ооган экономикасын күм жам кылганын ага Хамид Карзай өзү айтканын баса белгиледи:

“Героин менен соода жүргүзүү күч алыптыр. Кабулда жүргөнүмдө Карзай өзү өлкө экономикасы баңгизат экономикасы болуп калганын айтты. Бул азырынча баңгизат өлкөсүнө айлана элек, бирок анын экономикасы баңгизатка чидерленип калды дегенди билдирет.”

Жон Кэрринин сөзүн кубаттого алган мурунку НАТО аскер башчысы генерал Жеймс Жонс, Баучер белгилеген башка максаттар да маанилүү экенине кошуларын билдирип, бирок Буштун өкмөтү ириде Ооганстандагы баңгизаттар маселесин жөнгө салышы керектигин эскертти.

Сенатор Жонс менен АКШнын БУУдагы мурунку өкүлү Томас Пикеринг жакында эле Ооганстан боюнча жаңы баяндамасын чыгарышкан. Анда НАТО күчтөрү Ооганстандагы абалды турукташтыруу боюнча жетиштүү чара көрбөй, өлкө кудуретсиз болуп бара жатканы айтылып, НАТОго мүчө өлкөлөргө талиптерге каршы аскерлерди көбөйтүү сунушу камтылган.

Элен Куленбекова, Прага
XS
SM
MD
LG