Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Орусияда нарктуу болгондой деңгээлде долларды өзгөчө кадырлаган дүйнө өлкөлөрү сейрек кездешсе керек. Советтер биримдиги урагандан кийин рубль наркын жоготуп, Орусияда доллар кожоюндук кылып кирген эле. Бирок соңку мезгилде доллардын наркы түшүп, анын еврого эле эмес рубльга карата да баасы төмөндөп барат. Ошентсе да доллар азыр жок дегенде бир аймакта - Чеченстандын жайма базарларында наркын жоготпой турат.

Орусиянын шаарларында акча алмаштыруу жайлары көп болгон менен Чеченстанда мындай бир да атайын жай жок. Чеченстанда акча алмаштыруу сыртта, кадимки жайма базарларда эле жүрөт. Аны «кара базар» деп да коюшат.

Советтер биримдиги урагандан кийин баалар асмандаган кезде рубль наркын жоготуп, доллар Орусиядагы негизги валютага айланган эле. Орусиялыктар ошол мезгилде ири сооданы жалаң доллар менен жүргүзүшчү. Үйдү ижарага берүү, жаңы бизнес ачуу, жада калса «караңгы күнгө» акча жыйноо – баары доллар менен эле.

Бирок эми дүйнөнүн бардык бурчунда доллардын наркы түшкөн бүгүнкү күнү Орусияда да доллар арзандап, учурда анын наркы 24 рублдай эле болуп калды. 2004-жылы Орусияда 1 АКШ доллары 29 рублга тете болчу.

Мындан алты жыл мурун орустар тапкан акчасынын 38 пайызын чет элдик валютада, көбүнчө долларда сактачу. Ал эми 2007-жылдын соңунда бул көрсөткүч Орусияда 13 пайызды гана түздү.

Грозныйдын тургуну, Аслан аттуу механик жигит орус рублине артыкчылык бергендерден. Ал мындай дейт:

“Эгер менин көп акчам болсо, мен аны рубль менен сактаар элем. Доллар менен евро бир түшүп, бир көтөрүлүп, ишеничтүү болбой атпайбы.”

Адистердин айтымында, рублдун учурдагы кубаттанышы мунайга карата баанын көтөрүлүшү менен шартталууда. Анткен менен чечендердин көбү учурда наркы бар рублга караганда долларга эле артыкчылык бергендей. Серепчилер муну регионалдык факторлорго байланыштырып жатышат.

Астамир өндүү Түркиядан товар ташыган чечен бизнесмендери доллар менен соода кылуу алар үчүн ыңгайлуу экенин деп белгилейт:

“Мен Кытай менен Түркиядан соода менен алектенем. Ал жерлерде долларга талап чоң. Эгер мен бул жерден акчамды еврого алмаштырып алсам, тигил жакка барганда баары бир аны долларга алмаштырам. Анткени ал жактарда баары доллар менен төлөшөт. Орто жерден акчадан күйүп атпаймынбы.”

Орусиядагы Чеченстандан тышкары аймактардан доллар мурунку наркын жоготуп койду. Рублга карата анын наркынын туруктуу төмөндөшү орустарда рубль үчүн сыймактану сезимин жараткансыйт.

Алалы, Кремль өлкөнүн Борбордук банкын рублга атайы символ ойлоп табууга милдеттендирди. 2006-жылы депутаттар, ал түгүл аткаминерлердин коомдук жайларда «доллар» сөзүн колдонуусун чектөө идеясын көтөрүп чыгышкан. Ошондой эле товарларын же кызмат көрсөтүүлөрүн доллар менен өлчөгөн бизнесмендерге да айып пул тагуу чакырыктары айтылган.

Анткен менен экономисттер Орусия үчүн долларды таптакыр колдонуудан чыгарганга али эрте дешет. Москвадагы Альфа банкынын башкы экономисти Наталия Орлова ири соода-сатыктарда баа дагы эле доллар менен бычылып атканын билдирет.

“Олуттуу каржылык иш-чара жүргүзгөндө мурункудай эле долларга карап иш кылып жатабыз. Албетте, евро менен төлөмдөр болуп атат. Анткени азыр евронун наркы бекем болуп атат. Бул бирок бүтүндөй еврого өтүп кеттик дегенди билдирбейт. Кыска мөөнөткө эле созулчу таасир го дейм. Бааларды бычууда доллар мурункудай эле башкы валюта болуп атат.”

Ошентип канчалык наркы түшпөсүн, дүйнөлүк каржы иштеринде доллар негизги түркүк бойдон калууда. Учурда дүйнөлүк чет элдик валюта запасынын үчтөн экиси доллар менен сакталат. Бирок АКШнын узак мөөнөткө созулуп кеткен экономикалык төмөндөөсү улана берсе доллардын кунары акырындап кетээри ажеп эмес.

Элен Куленбекова, Прага
XS
SM
MD
LG