Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

11:00 БАЭ президенти Кыргызстан президентин апрель айына расмий сапарга чакырды


Бириккен Араб эмиратынын башчысы шейх Халиф Бин Зайид аль- Нахаяндын мындай чакыруусун БАЭде расмий сапар менен жүргөн тышкы иштер министри Эднан Карабаев алды. Ошондой эле министр Карабаев шейх Халиф Бин Зайид аль- Нахаяндын дарегине жолдогон Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга расмий чакыруусун тапшырды.
Э. Карабаев расмий сапарында БАЭ тышкы иштер министри Мухамед Хусейн Аш -Шали менен жолугушуп, тараптар экономикалык кызматташтыктын келечегин, анын ичинде кыргыз-эмират өкмөттөр аралык кызматташтыкты түзүүнүн жолдорун талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын министри Ош шаарындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга колдоо көрсөтүүнү суранды. Эднан Карабаев өткөн аптадан бери араб өлкөлөрүндө расмий сапарда жүрөт. Министр Бишкекке ушул аптанын этегинде кайтып келери күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (BuS)

XS
SM
MD
LG