Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

11:42 Бишкекте аялзатына арналган алгачкы кинофестиваль өтөт


“Амалтея – Борбор Азиядагы аял” деп аталган бул фестиваль 8-10-февраль күндөрү Бишкектеги көркөм өнөр музейинде өтөт. Германия элчилигинин басма сөз кызматынын кабарлаганына караганда аталган иш чара Борбор Азиядагы аялдардын кудуретин күчөтүү жана искусство аркылуу аялзатынын көйгөйлөрүнө таасир этүү жана түшүнүүгө багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө аялзаты тууралуу тартылган он даректүү тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле бул күндөрү “Сулуулуктун бир бурчу” жана “Бейөкмөт уюмдагы аял” аттуу фотосүрөт көргөзмөлөрү болот. Фестивалды Венадагы “Диалог Централ” уюмунун көмөгү менен “Колдоо” коомдук бирикмеси уюштурууда. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG