Ачкачылык иш-чарасынын катышуучуларынын айтуусунда аларды дарыгерлер күн сайын 1-2 ирет келип, көзөмөлгө алышууда. Айрым кызматкерлерге ден соолугуна байланыштуу акцияны токтотуу сунуш кылынганына карабай, бүгүнкү күнгө чейин ачкачылык кармоону токтоткондор болгон жок.
“Акыбалыбыз бүгүн бир аз оорлошуп турат. Бирок кандай болсо да, талабыбыз аткарылмайынча чыдайбыз”,- дейт “Кутман таң” программасынын кызматкери Кыял Сабирахунова.
Ачкачылык кармагандар бүгүн мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин атына ачык кат жолдошту. Алардын бири Бейшенбек Бекешовдун сөзү боюнча ачык катта УТРКдагы азыркы кырдаал жөнүндө баяндалып, кат ээлери президенттен жалпы мамлекеттин коопсуздугун сактап калууну өтүнүшкөн:
“Анда жеке эле биздин тагдырыбыз эмес, бүтүндөй мамлекеттин тагдыры, коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатат. Азыркы биздин мыйзамдуу түзүлүштүн коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатат. Президент биздин катыбызга көңүл бурат, деген үмүтүбүз бар.”
Бейшенбек Бекешов ошондой эле УТРКнын имаратынан нааразылык билдиргендерди чыгарып салганы үчүн күзөт кызматына жана УТРК жетекчилигине чара көрүүнү талап кылган кайрылуу бүгүн Башкы прокуратурага да жолдонгонун кабарлады.
Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылган ачкачылык акциясы башталганына бүгүн бешинчи күн болду. Бул күнгө чейин расмий бийлик тараптан акциянын катышуучуларына эч кандай жооп же кайрылуулар болгон эмес. УТРК жетекчилиги ачкачылык кармагандардын талабы негизсиз деген пикирин билдирип келет. Улуттук телеканалдын вице-президенти Эрнис Кыязовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча айрым кызматкерлерге жетекчиликтин реформа жүргүзүүгө жасаган аракети жакпай, ушул көрүнүшкө алып келүүдө:
“Таланттуулар бар, талантсыздар бар чынында. Ошолорду иргеп алууда ар нерсени айтсаң, бирөөгө оор тиет, бирөөгө жакпайт. Ошону иргеп алууда биз мыйзамдык жол менен барышыбыз керек. Азыр президенттин жарлыгын күтүп атабыз, анан кадрдык кескин кадамдарга барууга тийишпиз.”