Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

16:43 К. Бакиев: Бардык ишканалар иш алып барган аймагында салык төлөөгө тийиш


Бүгүн Президент Курманбек Бакиев президенттин администрациясынын жетекчиси жана администрациянын бөлүм башчылары менен кезектеги жумушчу кеңешин өткөрдү. Президентин басмасөз-кызматы кабарлагандай, кеңешменин башкы маселеси региондордогу социалдык-экономикалык абалды өнүктүрүү тууралуу болду. Ансыз өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эместигин белгилеген президент, бул багытта күч-аракеттерди жандандыруунун зарылдыгын баса көрсөттү. “Ишканалар салыкты иштеген аймагында төлөшү керек. Бул тууралуу нормативдик сунуштар февралдын аягына чейин даярдалууга тийиш”, - деди К.Бакиев. Мындан тышкары мамлекет башчы президенттин администрациясына тамеки өндүрүү, анын ичинде Ош облусунда тамеки заводун куруу маселесин карап чыгууну тапшырды. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG