Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелер тереңдеп, өткөн жылы анын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты. Ушундай эле өлчөмдөгү каражатты чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар туулган жерине жөнөтүшкөнү маалымдалуда. Мындай инвестициялык колдоого туш келген Кыргызстандын экономикасында кадыресе өнүгүү байкалды. “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуровго кайрылып, андан эки өлкөнүн алака-катыштары, ал жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин проблемалары тууралуу айтып берүүсүн өтүнгөн.

- Раимкул мырза, оболу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, маданий карым-катыштарга токтоло кетсеңиз. Өлчөм өсүп жатканы көп айтылууда, ал канчалык өстү?

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Россия Федерациясы Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык өнөгү болуп эсептелет жана aны менен болгон байланыштын артыкчылыгы, баарынан мурда эки өлкөнүн тарыхый-маданий, рухий, саясий, соода-экономикалык байланышынан көрүнөт.

Менин оюмча, эки мамлекеттин ортосунда бардык тармактар боюнча байланыштар жогорку деңгээлде калыптанып, бүгүнкү күнда алдыга карай өнүгүүдө. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алакасы болжолдуу түрдө Американын акчасы менен 1 миллард 250 миллион долларга чейин жетти. Ошондой эле бүгүнүкү күндө гидроэнергетикалык комплексте, мунай-газ, тоокен тармактарында конкреттүү долбоорлор каралууда. Машина куруу тармагында байланыштар жандандырылып, коммуникация, курулуш жана туризм тармактарында кызматташтык өнүгүүдө.

Кыргызстан техникалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон россиялык чоң компаниялардын «Камбарата-1», «Камбарата-2» долбоорлоруна катышууга көрсөткөн кызыкчылыктарын чоң демилге катары кабыл алат. Аталган долбоорлор учурда алдыга жылдырылууда. Ошондой эле бул ГЭСтердин курулушунда Орусиянын бирдиктүү энергетикалык системасы " РАО ЕЭС Россия" жана "Самрук" мамлекеттик холдинги тарабынан инвестицияларды күтүп жатабыз.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү бирден-бир маанилүү багыт бул аймактар аралык кызматташтык. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Москванын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий- гуманитардык тармактар боюнча өкмөт аралык кызматташтык макулдашуусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Москва областынын 2007-2009-жылдар аралыгындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыктары боюнча биргелешкен программага кол коюлду.

Кыргыз-россиялык кызматташтыктын бирден бир маанилүү багыты болуп маданий-гуманитардык байланыш эсептелет. Мына ушул багытта ишке ашкан маанилүү окуялардын бири - Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан Москва аймагынан Кыргыз маданий борборунун курулушуна бөлүп берген жери болду.

Москва өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген бул 0,6 гектар жер бөлүгү "Бирюлево" аймагындагы Медын көчөсү менен Булатниковск кайрылышында жайгашкан. Бул жерде чоң ишкердик борбордун курулушу пландаштырылууда. Анын ичинде ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан чоң залдар, медициналык борбор, мейманкана, кыргыз элинин музейи, Курманжан датканын, кыргыз элинин улуу инсандарынын эстелиги, улуттук ашкана жана кыргыз жана орус тилдерин үйрөтүү боюнча жумалык мектеп ачылмакчы.

Учурда келечектеги борбордун имараты боюнча долбоордун документтерин изилдеп-окуп, алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле 2008-жылы Москвада Ленинград проспектисиндеги "Дружба" паркында "Манас" эпосуна арналган эстелик тургузулуп, Россия тарабына белекке тартууланмакчы.

- Раимкул мырза, мына ушуга улай сизге бир суроо бергим келип турат. Мына жакында өкмөт башчы И.Чудинов Орусияда иш сапары менен болду. Анда «Газпром», «РАО ЕЭС» компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргөнү маалымдалды. Кыргызстанда газ чыга турган жерлерди чалгындоо иштерин «Газпром», ал эми Сиз айтып жаткан «Камбарата» ГЭСтеринин курулушуна «РАО ЕЭС» компанияларынын катышуусу жөнүндө кеп болуптур. Бул иштерди алдыга сүрөө жөнүндө кеп болдубу? Себеби бизде инвестициялык долбоорлор жөнүндө арбын кеп болуп, ал ишке ашпай эле калып калат.

- Өкмөт башчы И.Чудинов «Газпром» жетекчиси А.Миллер менен жолугушканда ушул жөнүндө сүйлөшүлдү. «Газпром» март айынан баштап ишти баштайт. Булардын болжолунда, жылына 300 миллион кубометр газ алууга мүмкүнчүлүк бар экен. Биздин оюбузча, мынчалык көлөм Кыргызстандын кыйла керектөөсүнө жетет эле. Россиянын аракети чоң. Биз ишенебиз, марттан баштап орусиялыктар ишти Кыргызстандын түштүгүндө башташат.

- Райымкул мырза, дагы бир суроо. Сиз Кыргызстандын Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын жакшы билесиз. Өткөн жылы Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин кыргыз экономикасына салган инвестициясы 1 миллиардка жакын доллар акчаны түзгөнү айтылууда. Ошондон улам мигранттардын абалын жеңилдетүү тууралуу кандай иштер жасалып жатканын сурагым келет. Орусия жылдан-жылга шарттарын татаалдаштырууда. Аны жөңилдетүү үчүн кандай иштер жасалууда?

- Акыркы 5-7 жылда Кыргызстандан келип жаткан мигранттардын саны өсүүдө. Өзгөчө жумушчу мигранттарынын саны көп. Бул Россия тарабынан биздин мигранттар үчүн башка КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарына салыштырмалуу "жеңилдетилген тартиптеги" келүү эрежелери түзүлүп берилгендиги менен түшүндүрүлөт деп ойлойм. Россия өкмөтү тарабынан 2003-жылы кол коюлуп, 2006-жылы бекитилген эмгек мигранттарынын кызмат иш-аракеттери жана аларды социалдык жактан коргоо боюнча макулдашуусуна өзгөртүү жана кошумчалоо киргизүү боюнча протокол кабыл алынган.

Бул протоколго ылайык, Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагында 2 жыл иштей алат. Ушуга байланыштуу элчиликтин иш-аракетинин негизги багыты мекендештердин жана эмгек миграттарынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Элчилик тарабынан күн сайын эмгек миграция маселелери боюнча кабыл алуу, кеңеш берүү иштери жүргүзүлөт.

Эмгек мигранттарына Россиянын аймактарында ишканаларга ишке орношууга жардам көрсөтүлөт. Кыргызстандын жоголгон жарандарын издөөгө жардам көрсөтүлөт. "Азалуу жүк 200" жөнөтүүгө керек болгон документтерди даярдоого жана аны Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк берилет. Россияда иштеп жатышкан Кыргызстан жарандарына жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөй жаткан айлык акы маселелерин чечүүгө көмөктөшөт. Атайын камак жайларына чыгып, Кыргыз Республикасынын жарандарын ал жактан бошотууга жана аларды үйлөрүнө жөнөтүүгө материалдык жардам берилет.

- Раимкул мырза, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын болжолдуу санын айта аласызбы? Алардын кыйласы мезгил-мезгили менен барып иштеп келип жатышпайбы?

- Биздин мигранттар Россиянын бардык жеринде эмгектенишет. Сахалинден тарта Калининградга чейин, Мурманскиден Казакстандын чек арасына чейин. Бардык жерлерде кыргыз эмгек мигранттарынын жамааттары түзүлгөн. Миграция комитетинин, биздин өкүлдөр иштешет. Кайсы жерде, кандай курулушта, кантип иштеп жатышкандары тууралуу так болбосо да болжолдуу саны бизде бар. Жайында көп болот. Кышта азыраак болот. Ошондуктан так айтуу кыйын. Бирок болжолдуу түрдө 300 миңден 400 миңдей биздин жарандарыбыз Орусияда иштейт болуш керек деп ойлойм. Бул жумушчу мигранттар. Алардан тышкары бул жерде окуучулар, студенттер, аспиранттар, анан да абыдан көп медиктер бар.

- Кыргызстанда эмгек мигранттары, алардын абалын жеңилдетүү жөнүндө көп эле кеп болот. Орусия болсо шарттарды татаалдантууда. Бул кыргызстандыктар үчүн кыйын эле болуп жатса керек.

- Росссияга келип жаткан эмгек мигранттары 17 жаштан 60 жашка чейинки адамдар. Тилекке каршы, алар жетишээрлик деңгээлде Росисия мыйзамдарын билишпейт. Аны менен тааныш эмес. Россияга келүү, катталуу жана мөөнөтү аяктаганда андан аны узартуу боюнча суроолор толтура. Кайсы кесиптер кайсы жерде керектүү? Россияга келерден мурун кайсы кесипке үйрөнүү керек деген маалыматты эмгек мигранттары билип алса жакшы болор эле.

Кесиптик даярдык абдан керектүү нерсе. Россиянын мыйзамдарында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? Ошондон кабардар болуу да артыкбаштык кылбас эле. Биздин элчилик, министрлик коюп жаткан маселе бул жакка келе тургандарды курулушпу же башка кесипкеби, иши кылып бир кесипке үйрөтүп, ага ээ болгону тууралуу документти карматып бул жакка жөнөтсө жеңил болмок.

Мына жакында түркиялык «МК» деген курулуш компаниясы Кыргызстанга барып келишим түзүп келди. Ал жерде кыргыз жарандары иштеп жатышат. Биз алардан кабар алып турабыз. Дагы айта кетчү маалымат, кыргыз жетекчилиги тарабынан 1996-жылда кабыл алынган жумушчу-мигранттардын социалдык коргоосу боюнча макулдашуу протоколун Россия парламенти ратификациялады. Бул документтин негизинде жана кыргыз жетекчилигинин Россия жетекчилерине кайрылуусунун натыйжасы менен биздин жарандар чекене соода тармагында Россиянын базарларында иш жүргүзүүсүн уланта алат. Биздин эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча иштерибиз мындан ары да улантыла бермекчи.

- Раимкул мырза, жакында Москвада болгон кырсыктуу окуянын чоо-жайын түшүндүрүп бере аласызбы? Окуя эмнеден болду, кандайча болду?

- Акыркы кайгылуу окуя 29-январь күнү «Северная Медведково» деген жерде кечки саат 8де болгон. «Шакальская 67» деген үйдүн алдында биздин эки жараныбыз Эргешова Элиза, Акматов Марат бараткан жеринде үч жаш жигит бычактап кетишиптир. Марат ошол жерде жан берген. Эргешова Элиза ушу тапта Склифосовский атындагы ооруканада жатат. Кайгылуу окуяны угарыбыз менен эле Медведково прокуратурасына барып болгон маалыматтарды алып жатабыз.

- Раимкул мырза, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы экономикалык байланыштар тууралуу айттыңыз. Сиздин оюңузча, орус бизнеси дагы кайсы тармакка инвестиция алып келсе болор эле?

- Көп тармактар боюнча сүйлөшүүлөр биздин элчиликте, чоң делегациялар келгенде жүрүп жатат. Биздин Кыргызстандын аймагында ири аллюминий заводун куруу боюнча сөз болуп жатат? Аллюминий заводу ири ГЭСтин жанында куруларын билесиздер. Мындан сырткары айыл чарба тармагында кайра иштетүү ишканаларын куруу жөнүндө сөз болууда. Кыргызстандагы туризмге инвестиция тартуу, Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун курулушуна тендер өткөрүү боюнча маселе талкууланды. Ал май айынын аягында өтүшү мүмкүн. Премьер-министр колдойбуз деп айтты. Дагы айта кетсем, бизде «Ак кептер» деген долбоор бар. Ошол чакан учактарды чыгаруу боюнча долбоор жөнүндө да кеп болууда.

- Элчи мырза, маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңизди ийгилик жылоолоп жүрсүн!

- Сөз соңунда мен дагы өзүмдүн мекендештеримди алдыда келаткан жаңы жыл - Нооруз менен куттуктап, тынчтык, аманчылык, бейкутчулук каалап кетким келет!
XS
SM
MD
LG