Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

КООМДУК ПАРЛАМЕНТКЕ ТАКШАЛГАН САЯСАТЧЫЛАР КЕЛАТАТ


Кыргызстандагы бийликке каршы жана калыс күчтөрдүн башын бириктирип жаткан «Акыйкат үчүн» кыймылынын жыл башындагы жыйынында коомдук парламент түзүү чечими кабыл алынганы белгилүү. Учурда коомдук парламенттин жобосу жана регламенти бекитилди. Ага ылайык, анын курамы 50 кишиден туруп, ага өлкөдөгү тыюу салынбаган бардык саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү мүчө боло алат. Бул күндөрү «Акыйкат үчүн» кыймылы коомдук парламенттин мүчөлөрүн тандоого жана анын күн тартибине байланышкан маселелерди талкууга алууда.

Ошентип коомдук парламенттин курамы 50 кишиден тураары белгилүү болду. Анын ичинен төрага жана анын бир орун басары шайланат. Зарыл учурда кайсы бир маселе боюнча комитет же комиссиялар түзүлүп турмакчы. Мындан сырткары эксперттер кеңеши иштеп, күн тартибиндеги маселеге байланыштуу өз баасын берип турат. Коомдук парламентке сунушталган талапкерлерди болсо кыймылдын координациялык кеңеши тандайт. Кыймылдын координациялык кеңешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, коомдук парламентке тажрыйбалуу саясатчылар, белгилүү коомдук ишмерлер менен бирге аялдар менен жаштар өкүлдөрү көбүрөөк келүүсүнө да өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошентип учурда көпчүлүк Кыргызстанда алгач ирет түзүлүп жаткан бул уюмдун келечеги, анын таасири канчалык болооруна бүшүркөп турушат. Аталган кыймылдын координациялык кеңешинин жетекчилеринин дагы бири, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев коомдук парламент коомчулук менен бийликтин ортосунда көпүрө катары кызмат өтөөрүнө үмүт артат:

- Мамлекеттик бийлик органдары менен элдин, коомчулуктун ортосундагы көпүрө сыяктуу кызмат аткарыш керек. Элдин үнүн, коомчулуктун пикирин билдирип турган трибуна болгону турат. Эгер маселени туура койсо, туура сунуштарды киргизсе, менимче бул уюм конструктивдүү күчкө айлана алат.

Айрым саясатчылар болсо мындай уюмдун түзүлүшүн оппозициянын жаңы денгээли катары баалоодо. Ушундай пикирдеги саясат таанучу Жолборс Жоробеков кеп эми анын кандай куралганында, ага кимдер киргенинде дейт:

- Коомдук парламент оппозициядагы күчтөрдү бириктирип, программасын элге сиңирип, «азыркы бийлик мындай иштерди жасап жатат, эгер биз болгондо мындай эмес, андай кылмакбыз» дегендей сунуштарды айтып турса жакшы. Жаңы адамдар, жаңы күчтөр келсе, жаңы кан пайда болсо жакшы. Азыр көпчүлүк бир гана нерседен көнүл кайт болушу ыктымал, «аа, кечегилер эле турбайбы»,- деп.

Ошентип бул уюмдун түзүлүшү боюнча учурда коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Айрым серепчилер болсо коомдук парламент жигердүү иш алып барса өлкөнүн саясий абалына таасир кыла алчу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешип, анын түзүлүшүн бийликтин бир тараптуулукка, авторитаризмге ооп кетишине тоскоол болууга аракет жасаган кадам катары баалашууда.

Уюштуруучулардын айтымында, коомдук парламент өлкөдөгү орчундуу делген маселелерди талкууга алып, бийликке, коомчулукка өз сунуштарын берип турмакчы. Аликбек Жекшенкулов коомдук парламенттин алгачкы отурумдарында төмөнкүдөй маселелер каралышы болжолдонуп жатканын айтат:

- Эң негизгиси – азыркы менчиктештирүү маселеси. Бийлик энерго тармакты, газ ишканаларын, а түгүл ЖОЖдорду менчиктештирбиз деп жатпайбы. Андан тышкары коопсуздук маселеси. Өзгөчө өлкө түштүгүндө коопсуздук, чек ара маселелери абдан татаалдашып жатканы белгилүү. Ушул маселелерди карап, өзүбүздүн сунуштарыбызды айтышыбыз керек.

Аликбек Жекшенкулов ошондой эле коомдук парламенттин алгачкы отуруму качан болоору жакынкы күндөрү белгилүү болоорун кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG