Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

Журналисттерди коргоо боюнча эларалык комитет 2007-жылга карата баяндамасын жарыялады. “Прессага чабуул” деп аталган ал докладда айтылгандай, 2007-жылы жалпысынан дүйнө боюнча 65 журналист киши колдуу болгону айтылды. Алардын жарымысы - Ирактагы согуш учурунда көз жумган кабарчылар. Журналисттер үчүн бул соңку 13-жылдан берки эң кандуу мезгил болуп калган өңдүү. Баяндамада ар бир мамлекеттеги журналисттердин абалдарына көңүл бурулган. Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө “Азырга чейин мамлекет Борбор Азияда плюрализми бар жалгыз жумурият бойдон калып жатканы менен, саясий олку-солкунун күчөй бергени өлкөнү бөлүп-жарылууга, кылмыштуу топтордун күчөшүнө алып келди. Натыйжада көз-карандысыз журналистика опурталдуу жумушка айланып баратат” деп айтылат.

Дүйшөмбү күнү абройлуу эларалык бул уюм кабарлагандай, өткөн жылы дүйнө боюнча жок эле дегенде 65 журналист иши үчүн өлтүрүлгөн. Салыштыра келсек, 2006-жылы өлгөн журналисттердин саны 56 адамды түзгөн эле.

Буга чейинки эң жогорку көрсөткүчтү Журналисттерди коргоо Комитети 1994-жылы каттаган болчу. Ал жылы 66 журналист көз жумганы айтылды. Бирок ал Руандадагы геноцидге байланыштуу экенин эске алганда, жалпы көрсөткүч бүгүнкүдөй деңгээлге жетпегендей сезилет.

Аталган уюм Иракты “Адамзаттын жаңы тарыхында журналисттер үчүн эң опурталдуу аймакка айланды” деп сүрөттөйт. Маалыматка караганда, ал жакка америкалык аскерий күчтөр киргенден бери, атап айтканда, 2003-жылдын мартынан бери, 125 журналист жана аларга жардам берген 49 адам набыт болуптур. Бирок атышуулар башталган алгачкы жарым жылдагы жоготууларга караганда, азыр журналисттер арасында өлүмдүн саны азайган имиш. Муну алар коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнү менен байланыштырышууда.

Дүйнөдө журналисттер эң көп көп өлгөн дагы бир мамлекет деп Сомали катталды. Анда былтыр жети киши курман болгон. Пакистан менен Шри-Ланкада болсо 2007-жылы бештен кабарчы, Ооганстан менен Эритреяда экиден, ал эми Гаити, Гондурас, Мьянмар, Непал, Палестина, Парагвай, Перу, Орусия, Түркия, Кошмо Штаттары, Зимбабведе жана Кыргызстанда бирден журналист окко учкан.

Кыргызстанда “Сиёсат” гезитинин редактору, 26 жаштагы журналист Алишер Саиповду октябрда белгисиз куралчандар атып кетишкен. Саиповдун өлүмү тууралуу ишти кыргыз президенти Курманбек Бакиев жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирген болчу. Бирок Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ага инспектору Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шектелип жаткандардын кармала электигинен улам журналисттин өлүмү боюнча тергөө иштери азырынча толугу менен жүрбөй турат.

- Тергөө иштери азырынча убактылуу токтотулуп турат. Анткени издөөдө жүргөн адамдар табыла элек. Ачык далилдер да жок. Шектелип жаткандар колго түшкөнгө чейин иш убактылуу токтотулуп турат, - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын расмий өкүлү Олжобай Казабаев.

Бирок анын билдиргенине караганда, муну “иш такыр эле жабылган” деп түшүнүүгө болбойт. Азырынча оперативдүү издөө иштери жүрүүдө. “Бул иш боюнча күнөөлүүлөр табылганда гана ал жабылышы мүмкүн”, - деди О.Казабаев.

Былтыр журналисттерге байланыштуу жалпысынан 40 ашуун иш карала баштаганын да кошумчалады ал. Алардын көпчүлүгү митинг-пикеттер учурунда журналисттердин өздөрүнө жана техникалык жабдууларына болгон чабуулдар менен байланыштуу экени кабарланды. Ошолордун ичинде жарымына жакыны боюнча иштердин бети ачылган экен.

“Интерньюс” Коомдук бирикмесинин жетекчиси Эмил Калматовдун айтымында, чынында эле 2007-жылы 2006-жылга салыштырмалуу Кыргызстандагы көз-карандысыз журналисттерди коркутуп-үркүтүүлөр көбөйгөн.

- Жалпы акыбалга караганда, 2005-жылдын мартына чейинки жаман аракеттерди кайра пайдаланып, күчтөндүрүп жатышат. Бул жерде журналисттерди өлтүрүүдөн тарта, опузалоо, коркутуп-үркүтүү, жумуштан айдоо жана башка кысымдарды көрсөтүп жатышат. Айта турган нерсе – акыркы жылдарда бийлик көз-карандысыз журналистерге жасап жаткан мамиле өлкөнүн беделине шек келтирип жатат, абройун төмөндөтүп жатат. Кыргызстан стандарты боюнча “зулум” өлкөлөрдүн катарына жакындап барууда, - деп эсептейт “Интерньюс” Коомдук бирикмесинин жетекчиси Эмил Калматов.

Башка эларалык уюмдардын маалыматына ылайык, былтыр аткарып жаткан иши үчүн көз жумган журналисттердин саны бир топ көп болгон. Мисалы, “Чекарасыз репортерлор” уюму өткөн жылы 86 кабарчы өлдү деп билдирип, дагы 23 башка ишке назар салып турганын айтты.

Журналисттерди коргоо комитетинин бул жолку докладына ачылыш сөз жазган журналист Кристиан Аманпурдун билдиргенине караганда, “Өлтүрүү – цензуранын негизги формасына айланды”. Анын айтымында, киши колдуу болгон журналисттердин 85%ынын иши азырга чейин ачылбай калууда. Аларды өлтүргөндөр жазага тартылбай калууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG