Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Кумтөр алтын кенине байланыштуу жаңы келишим Жогорку Кеңештин январь айындагы күн тартибине киргизилген. Бирок өткөн айда маселе каралбай калып, февраль айына которулду. Азыркы мезгилде парламенттин комитеттери жана фракциялары келишимди карап, ага карата өз пикирлерин билдирүүдө.

«Кумтөр» боюнча 2003-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүү аракети өткөн жылы башталып, алгачкы сүйлөшүүлөрдү ал кездеги биринчи вице-премьер-министр, Бишкек шаарынын азыркы мэри Данияр Үсөнов жүргүзгөн. Үсөнов сүйлөшүүлөр жыйынтыгында канадалыктар сунуштаган «Центерра голд инктин» 6,5 миллион даана акциясына макул болгон. Бирок андай макулдашууну былтыр кыска мөөнөткө өкмөттү башкарып турган Азим Исабеков четке каккан. Андан кийин мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн жумушчу топ түзүп, ал топ эки-үч айга созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан пайдасына «Центерра голд инктин» 32.5 миллион даана акциясын алууга «Камеко» менен макулдашууга жетишкен.

Ошондой эле ал макулдашууга ылайык салык төлөөнүн шартын өзгөртүү каралган. Жаңы келишимге ылайык канадалыктар алтынды канча казып, канчага сатса ошондон салык төлөшөт. Маселен, быйыл 10% салык төлөө каралган, тактап айтканда, бир унция алтын 900 долларга сатылса, анда 90 доллар салык төлөнөт. 2009-жылы 11%, 2010-жылы 12% алынат.
Дал ушундай шарттагы жаңы келишимди ратификациялап берүүнү өкмөт парламенттен өтүнүүдө. Мурунку парламент бул маселе боюнча кызуу талкууну уюштуруп, бирок бир натыйжага келе алган эмес.

Жаңы парламенттеги социал-демократтар жана коммунисттер фракциялары өз жыйындарында бул маселени карап, келишимди ратификациялоону жактаган.

Социал-демократиялык фракциянын депутаты Иса Өмүркулов жаңы келишимди жактоонун себеби тууралуу буларды атады:

"Кийинки сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга 30 миллиондон ашуун акция берилип жатат.Ошондуктан созо берсек, алардан эми эч нерсе өнбөйт. Эгерде биздики тарап макул болбосо булар эл аралык экономикалык сотко бериши мүмкүн".

Иса Өмүркуловдун пикиринде, эгерде кимдир-бирөө эски келишимди күчүндө калтыргысы келсе, ал душмандыкка барабар:

"Эгерде кимдир бирөө эски келишим кала берсин десе, анда биз уттурабыз. 30 миллиондон ашык акция беребиз деп жатканда макулдашууга барбасак, анда «берки» жагын алышат да. Бул душмандыкка барабар эле болот".

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети келишимди 4-февралда карап, парламенттин кароосуна алып чыгууну чечти. Бирок комитет төрагасы Аскарбек Шадиев «эгерде келишим ратификацияланбай калса, ал дагы жаман эмес-Кумтөр эски келишим менен иштей берет»,-деп билдиргенин «Акипресс» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Арслан Малиев мурунку келишимге караганда, азыркы келишим өлкө үчүн пайдалуу экенин белгилейт:

"Сөзсүз пайдасы бар. Ал чоң. Андан эч ким тана албайт.Эгерде эскини калтырса, анда бүгүн биз 20 миллион доллар алат экенбиз, ошол кейпибизде калабыз".

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде Жогорку Кеңеште келишим жалпысынан колдоого ээ болууда:

"Жалпысынан мына (СДПК, Коммунисттер фракциялары, Бюджет жана финансы комитети) үч жерде талкууланды, үч жерде тең келишимдин саясатын колдоп жатышат. Талкууларда келишимдин юридикалык жагын аныктап жатышат".

Дүйшеев эксперт катары канадалыктар менен сүйлөшүүлөргө катышкан. Азыркы кезде парламенттеги талкууларга да чакырылууда. Анын пикиринде, Жогорку Кеңеш келишимди жактырса максатка ылайыктуу.

Бирок Жогорку Кеңештеги эң ири фракция болгон «Ак жол» фракциясы келишимди кароонун убактысын белгилей элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG