Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

ДҮЙНӨДӨ 65 ЖУРНАЛИСТ КЕСИПТИК МИЛДЕТИН АТКАРЫП ЖҮРГӨНДӨ ӨЛТҮРҮЛГӨН


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 2007-жылы 17 өлкөдөн өз милдетин аткарып жүрүшкөн жеринен 65 журналист киши колдуу болуп өлүшкөн. Бул туурасында дүйшөмбү күнү жарыялаган докладында журналисттерди коргоо комитети айтып чыкты. Бул кийинки он жыл ичиндеги эң жаман көрсөткүч экени да ал жерде белгиленет. Адам укугун коргоочулар маалыматы боюнча журналисттердин өмүрүнө абдан коогалуу өлкө болуп Ирак эсептелет.

32 журналист Иракта былтыр курман болушкан. Сомалиде 7 журналист, Пакистан менен Шри Ланкада бештен, Ооганстан менен Эритреяда экиден журналист өлтүрүлгөн. Алардан сырткары дагы 12 өлкөдө бирден журналисттин өмүрү кыйылган.
Ошто атып кетишкен Алишер Саипов сыңары, докладда ысымдары аталган калемгерлердин баары тең өз кесиби менен тапшырма аткарып жүргөндө кастык менен ажал табышкан.

Эл аралык маалымат коопсуздугу институтунун баасы боюнча Орусия басма сөз маалымат каражатынын кызматкерлери көп өлүмгө учураган өлкө. Бул жагынан ала келгенде ал кийинки он жыл ичи Ирактан кийинки экинчи орунда турат. Айталы Иракта он жыл ичинде болжол менен алганда 170 калемгер өлтүрүлсө, Орусияда 88 калемгер жок кылынган.

Анализчилер арасы ошол жагдайды эске ала келгенде азыр Орусияда абал саал оңолду дешет. Бирок бийликтин катаал жүргүзгөн саясаты журналисттерди мамлекеттик цензурага байлап салды. Ошондон улам алардын көбү өзүн өзү цензуралап, абайлап жазганга көнүштү дешет.

Советтик кездегидей жакпаган журналисти бийлик психиатрдык ооруканага зордоп жаткыруучу болду дешет. Чын эле былтыр август айында Мурманская областында Лариса Арапты психиатрдык ооруканага күч менен жаткырып салганда журналисттерди коргоо комитети президент Владимир Путинге кат жазып атып бошотушкан.

Ушул күндөрү кемероволук журналист Александр Косвинцев бийликтин кысымына чыдабай Украинага өтө качып, ал жактан саясий баш паана суроого аргасыз болгону маалым болду.

Орусия бийлиги киргизген темирдей тартип өзүнүн гана эмес өзгө мамлекеттер журналисттерин да теске салууга таркала баштады. Тышка чыгып кайра келаткан жеринен Наталья Морарды чегарадан кийирбей коюшту. Ушул мисал келтирилген үч журналист тең Кремлдик бийликке оппозициядагы «Башка Орусия» тараптагы басылмаларга макалалары чыгып келаткан авторлор экен.

Ичке киргизбөөгө келсек, алар гана эмес, экстремалдык журналистика борбору берген маалымат боюнча жети жыл ичинде Орусияга келип кетүүгө 40 тан ашуун чет элдик калемгерлерге уруксат берилген эмес. Бул туурасында ал борбордун жетекчиси Олег Панфилов айтат:

«Орусиялык элчиликтер виза бербей коюшкан журналисттер тизмесин көрөлү. Ал тизмеде жалаң европалык өлкөлөр менен АКШ журналисттери бар. Алар биринчи чеченстандык согушта белсенип иштеген жана экинчи чеченстандык согушту да жазышкандар. Кантсе да бийлик ал журналисттерден алардын өз адисттик ишкердигин аткаргандыгы үчүн ушундайча өч алып атат», - дейт Панфилов мырза.
XS
SM
MD
LG