Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

08:00 Б. Жанузаков: Жапондорду бошотууга эч кандай каражат бөлүнгөн эмес


Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Болот Жанузаков Акыйкатчынын
барымтадагы жапондорду бошотууга бөлүнгөн каражат боюнча билдирүүсүн четке какты. Болот Жанузаков барымтага алынган жапондорду бошотууга эч кандай каражат бөлүнгөн эмес жана бул жерде Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу трагедиядан саясат издеп жатат, деген пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. 1999-жылы Баткенде барымтага алынган жапондорду бошотууга бөлүнгөн 2,5 миллион доллардын көбүн кыргыз чиновниктери бөлүп алган, деп өткөн жумада Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирген. Анда ал бул ишке мурунку жооптуу кызматкерлер Б.Жанузаков, М. Ашыркулов аралашканын да белгилеп өткөн.(MSu)

XS
SM
MD
LG