Документте бюджеттин чыгаша бөлүгү рекорддук деңгээлге чыгып, биринчи ирээт үч триллион доллардан ашкан. Долбоордо аскерий чыгымдарды көбөйтүү, АКШ экономикасын стимулдаштыруу программасына каражат ажыратуу каралган. Оппозициядагы Демократиялык партия бюджети, өзгөчө анын дефицити 400 миллиард доллардан ашып кеткенин сынга алды. Бул АКШнын Улуттук дүң өндүрүшүнүн дээрлик үч пайызына барабар.