Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

11:31 Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык сотуна кассациялык арыз берди


Социал-демократтар партиясынын өкүлү, адвокат Галина Скрипкинанын «Азаттыкка» бүгүн билдиргенине караганда, райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу максатындагы даттануу катын партия Бишкек шаардык сотуна 22-январда тапшырган. Шаардык сот арызды бир айлык мөөнөт ичинде карашы керек. Райондор аралык сот Баш прокурордун койгон доосунун негизинде БШКга 20 млн. сом төлөп берүүнү 10-декабрда милдеттендирген. Буга парламенттик кезексиз шайлоо алдында партиянын мурдагы жооптуу катчысы, СДПнын БШКдагы өкүлү Эдил Байсаловдун добуш берүү бюллетенинин түп нускасын мөөнөтүнөн мурда коомчулукка жарыялап жибериши негиз берген. СДП Байсаловдун аракеттеринде кылмыш жок деп, ага жараша коюлган доого макул болгон жери жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG