Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

КАНЫБЕК ТЕМИРОВ: АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫН ТОКТОТПОЙБУЗ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек УТРКнын жетекчисинин милдетинин аткаруучу Мелис Эшимкановго нааразылык билдирип, аталган корпорациянын ондон ашуун кызматкери 31-январдан бери ачкачылык акциясына чыгышкан эле. Алардын бири, белгилүү журналист Каныбек Темиров “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Ачкачылык жарыялаганыңарга мына 6 күн болуп баратат. Азыр абалыңар кандай? Ачкачылык жарыялаган канча киши калды?

-Азыр он үч киши ачкачылык жарыялап турат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, буга чейин акциянын эки катышуучусунун ден-соолугуна байланыштуу тез жардам келип, алып кетип, ошондон улам бул акцияны токтоткон. Бирок алар биз менен.

-Ошол бир-эки адам ачкачылыгын токтотуп, азыр кызматка чыкты деген айрым маалыматтар бар...

-Жок, булардын бардыгы калп.

-Ал эми силердин абалыңарды билгени бийликтен же УТРКнын жетекчилигинен кимдир бирөө келдиби?

-Абалыбызды УТРКнын түздөн-түз жетекчиси Мелис Эшимканов бир дагы жолу келип кабар алган жок. Бирок биз расмий бийликке жана бийликтин бардык бутактарына каттарды, кайрылууларды жолдодук. Буга биз албетте көңүл бурулат деген чоң ишенимдебиз.

-Айрым байкоочулар бул саясий оюн сыяктуу сезилип жатат деп айтып жатышат. Ушул сиздерди атайын пайдаланып, Эшимкановду кетирүүгө кандайдыр бир үчүнчү тарап дагы болушу мүмкүн деген дагы божомолдор айтыла баштады. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Бул божомолдордун бардыгы калп. Анткени бүгүнкү күндө биздин акцияны колдогон республиканын бардык жерлеринен өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин чыгышып, азыр күнүнө бизден кабар алышып, бизди колдоп, Бишкек шаарындагы өкмөттүк эмес уюмдардын активисттери келип, кабар алып жатышат. Албетте, аларга ырахмат. Ошондой эле сиздерге окшогон эл аралык телевидение жана радио кызматтарына дагы чоң ыраазычылык билдиребиз. Анткени биздин үнүбүздү туура жеткиргенге сиздер абдан чоң салым кошуп жатасыздар. Ушул УТРКнын ичинде кызматкерлерди коркутуп-үркүтүүлөр болуп, “алар жакка баспагыла, кызматтан четтебиз” деген дагы ушундай аракеттер болгондугун бизге тынбай келип турган биздин кесиптештерибиз күнү-түнү келип жатат, “биз силерди колдойбуз” деп. Мына ошолор айтып жатышат. Бирок жетекчилик бизден бир дагы жолу кабар алган жок.

-Каныбек мырза, абалыңар күндөн-күнгө начарлап бараткан болсо, ачкачылык акциясын токтотосуңарбы?

-Жок, биз бардыгыбыз тең ушундай абалда турабыз, “биз эч качан токтотпойбуз” деп жатабыз. Кечээ күнү тез жардам келип, экөөнү дагы токтотууну талап кылышты. Бирок алар баш тартышты “биз ушул багыттаган, көздөгөнүбүздөн кайра тартпайбыз” деп.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG