Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

15:35 Т. Казаков: УТРКдагы азыркы кырдаал саясий оюндардын тыянагы.


УТРКдагы азыркы кырдаал саясий оюндардын тыянагы. Мындай пикирин бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында «Ибарат» борборунун башчысы Түгөлбай Казаков билдирди. Казаковдун айтымында, УТРКда тарых кайталанып жатат, ошондуктан, жагдайга президент Курманбек Бакиев өзүнүн ачык көз карашын айтышы керек. Ушундай сунушту берген кайрылууну бүгүн президенттин дарегине УТРКнын жамааты жана Көркөм кеңеш жолдоду. Баш директордун орун басары Эрнис Кыязов Мелис Эшимканов кечээтен бери иште жок экенин билдирип, бирок, анын кызматтан кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кокус мындай жагдай түзүлсө өзү да кызматтан кетерин билдирди. Ушул эле күнү бейрасмий булактарда Эшимканов президентке кызматтан кетүү тууралуу арыз бергендиги айтылды. Президенттин маалымат кызматы бул кабарды тастыктаган жок. Ал эми 31-январдан бери ачкачылыкта отурушкан УТРКнын ондон ашык кызматкери баш директор Мелис Эшимканов кызматынан кетмейинче акцияны токтотпой турганын билдиришти. (BuS)

XS
SM
MD
LG