Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

16:08 Президент Курманбек Бакиев бүгүн айрым министрлерди кабыл алды


Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров президент менен жолугушууда быйыл Ички дүң продукттун көлөмү 8,5% өсүшү күтүлүп жатканын, ал эми инфляция жылдын биринчи кварталында 3,5-4% тегерегинде болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, министрлик өлкөнүн базарларында ундун баасына дайыма мониторинг жүргүзүп турат жана жылдын башында ун жана дан азыктары анча деле кымбаттабайт деп билдирди. Министр А.Жапаров эртең азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кеңештин жыйынында кымбатчылыктын алдын алуу маселесин кароону пландаштырып жатканын билдирди. Ага жооп иретинде президент азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселеге карата конкреттүү чараларды иштеп чыгууну улам артка жылдыра бербей, тез аранын ичинде дүйнөлүк базардагы өзгөрүүлөр жергиликтүү экономикага олуттуу таасирин тийгизбей турган жолдорду ойлоп чыгууну тапшырды. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев жакындагы жер титирөөдөн жапа тарткан аймактардагы элге жардам көрсөтүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, буга чейин белгиленген 1-февралга карата жапа тарткандарга колдоо өз учурунда берилип бүттү жана нааразылыктар жок. Жолугушууда, ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Бишкек шаарынан Ошко көчүрүү маселеси да талкууланганы кабарланды. (TD)

XS
SM
MD
LG