Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

АКШда бүгүн – өлкө президенттигине талапкерди тандоо жараянынын эң маанилүү күнү


"Праймериз" деп аталган же алдын-ала шайлоо бүгүн АКШнын Калифорния, Нью-Йорк баштаган 20дан ашуун штатында өтөт. Анда Республикалык жана Демократиялык партиядан президенттикке негизги талапкерлер аныкталат. Добуш берүү өтүүчү 21 штаттын көбүндө Республикачылардан сенатор Жон МакКейн өзүнүн жакынкы атаандашы Митт Ромнини утуп чыгаары күтүлүүдө. Ал эми Демократиялык партиянын ичинде сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама ортосунда ат салышуу «Чоң шейшембиде» айыгышкан күрөш менен коштолчудай. Анткени сурамжылоолорго ылайык, эл арасында экөөнүн учурдагы саясий бедели бирдей.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG