Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН КООПСУЗДУГУ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРАТ


Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети жылдык иликтөөсүн чыгарып, анда Кыргызстан журналисттерге карата чабуул көп болгон өлкөлөрдүн катарына кирди. Маалымат айдыңында эмгектенишкен адистердин баамында, былтыр чындап эле кыргызстандык журналисттер кыйын күндөргө тушугуп, бир журналист киши колдуу болду. Ал эми бийлик өкүлдөрү кандай болгон күндө да Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыда турарын айтып жатышат.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет жылдык баяндамасында Кыргызстандын маалымат айдыңы тууралуу да кеп козгоп, бийлик өкүлдөрү сөз эркиндигин кысып жаткандарын жазып чыгышты.

Бийлик өкүлдөрү болсо, Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндигине бут тосуу жок экендигин, журналисттер ээн-эркин иштеп жатышканын айтып жатышат.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2005-жылдан бери кайсы бир деңгээлде журналисттердин катышы бар 42 кылмыш иши катталса, анын он жетиси былтыркы жылга тиешелүү.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаевдин айтымында, алардын кыйласы митинг-пикет күндөрүнө туш келип, айрым журналисттердин фото аппараты сынып же буюм-тайымдары жоголгон:

- Айрым бир белгисиз адамдар журналисттердин фото аппараттарын тартып алган, сумкалары уурдалган же диктофондору тонолгон журналисттер болгон. Бирок өч алуу максатында куугунтуктоо сыяктуу иштер болгон эмес.

Кыргызстандагы “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин айтымында, Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөлөрү алар мурда тараткан маалыматтарга жалпысынан абдан окшош.

“Журналисттерге чабуул көбөйгөнүн өз иликтөөлөрүбүздө биз айтып чыккан элек, мына эми минтип аны дагы бир жолу эл аралык деңгээлде ырастап атышат”,- дейт ал:

- Журналисттерди коргоо комитеттин чыгарган тыянагы биздикине окшошуп кетип атат. Бир гана алар ошолордун бардыгын бир жыйынтыкташкан. Журналисттерди сабоолор, Алишер Саиповдун өлүмү да айтылган. Эми булар бийлик ММКларды кысып атат деп эле ачык айтышкан. Биз минтип түз айта алган жокпуз. Анткени, аны тастыктаган материалыбыз жок да. Негизи, жалпысынан ушул кыска аралыктагы окуялар мурдагы Акаевдин доорундагы окуялардын өнүгүшүнө абдан окшошуп атканын айткан элек.

Бир катар бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги кыйла эле дурус экендигин айтышса, айрым бирөөлөрү сөз эркиндиги ашыкча болуп кеткенин айтып келишет.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин пикиринде, журналисттерге бийлик тараптан куугунтуктоолор болгон жок:

- Мен башка жактарды, Европаны, батышты айтпай тим койдум. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде алганда эле Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча алдыда экендигин биз эле эмес чет элдик адистер да айтып келатышат.
XS
SM
MD
LG