Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

6-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек шаарынын тургундары 1916-жылдын бу күндөрү «Телеграфный вестник» гезитинин биринчи санын колуна алышты. Кыргыз АССР Кеңешинин III съезди 6-февраль 1931-жылы ишин баштады.

Пишпек шаарынын тургундары 1916-жылдын бу күндөрү «Телеграфный вестник» гезитинин биринчи санын колуна алышты. Маалымдоо каражаты жеке типографияда басылып, анда жергиликтүү бийликтин буйрук, көрсөтмөлөрүнөн тышкары, рекламалык материалдар арбын жарыяланып турган.

Кыргыз АССР Кеңешинин III съезди 6-феварль 1931-жылы ишин баштады. Улуу Атамекендик согуш аяктап, экономика кайра калыбына келтириле баштаган маалда, мүлк уурдагандарга каршы аёсуз күрөш жарыяланган. Фрунзе шаарында 1949-жылдын 6-февралында өткөн сот иши коомчулукту, айрыкча мыйзам менен алакасы келишпеген элементтердин үрөйүн учуруп, үшүн алган. Чүй райпромкомбинаттын директору Алиев сапатсыз бут кийим чыгаргандыгы жана булгаары уурдагандыгы үчүн 20 жылга, «Пищевик» артелинин цех жетекчиси Албогачиев сапатсыз вино жасагандыгы үчүн 7-жылга эркинен ажыратылган.

Вена шаарында 2003-жылдын бул күнү өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кезектеги кеңешинде, ал уюмдун Кыргызстан тарабынан туруктуу өкүлү Аликбек Жекшенкулов, 2003-жылдын 2-февралында жасалган Кыргызстандагы Конституциялык референдум туурасында маалымат берди. Элчи референдум эл аралык стандарттарга жана кыргыз өкмөтүнүн ЕККУга берген убадаларына ылайык өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз чакырылган XVIII сессиясы 2004-жылдын 6-февралында ишин баштады. Сессиянын башталыш күнү мамлкеттик кадр маселеси каралып, президеттин көрсөтмөсүнө ылайык Жогорку соттун төрайымы Нэля Бейшеналиева кызматынан кетип, анын ордуна мурдагы юстиция министри Курманбек Осмонов дайындалды.

Бу күнү, 1313-жылы италиялык жазуучу Жовани Боккаччо, 1564-жылы англис драматургу Кристофер Марло, 1861-жылы орус химик-органиги Николай Зелинский, 1892-жылы америкалык врач, патолог, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Мёрфи, 1911-жылы АКШнын 40-президенти Рональд Рейган жарык дүйнөгө келген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG