Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

07:15 УТРК жетекчисин кызматтан кетирүү боюнча ачкачылык акциясы бүгүн да уланууда


Нааразылык чарасы УТРК директорунун мурдагы орун басары Бейшенбек Бекешовдун үйүндө өтүүдө. Бейшенбек Бекешов ачкачылыкта отургандардын саламаттыгы начарлап бараткандыгына карабастан, койгон талаптары аткарылмайынча ачкачылыкты токтотушпасытыгын “Азаттыкка” билдирди. Эки күн мурун кан басымы жогорулап ооруканага жеткирилген эки кызмактердин бирөөсү дарыланууну үйүндө улантууда. УТРКнын жеткчилиги болсо ачкачылык жарыялагандардын талаптары орунсуз деп билдиришүүдө. Кечээ телеканалдын жетекчиси Мелис Эшимканов кетүү тууралуу арыз жазганы тууралуу кабар тарады. Бирок бул маалыматты УТРК директорунун орун басары Эрнис Кыязов четке кагып, аны ушак деңгээлиндеги маалымат экенин билдирди.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG