Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Дональд Туск: Польша жаңы газ куурун курууда Москва менен кызматташууга даяр


Польшанын ракетага каршы коргонуу боюнча америкалык системаны иштеп чыгууга катышуусу Орусияга коркунуч алып келбейт. Мындай билдирүүнү Польшанын премьер–министри Дональд Туск жасады. Ал орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген интервьюсунда, Орусиядан Германияга өтүүчү “Түндүк агым” газ куруунун долбоорун Польша кирешесиз жана пайдасыз деп эсептээрин жана Польшанын аймагынан өтүүчү жаңы газ куурун курууда Москва менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Дональд Тусктун белгилешинче, анын өкмөтүнүн максаты орус-поляк алакаларын жакшыртуу болуп саналат. Польшанын премьер-министри Орусияга иш сапары менен 8-февралда барат.

XS
SM
MD
LG