Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

10:10 Кыргыз тышкы иштер министринин Индиядагы сапары уланууда


Министр Эднан Карабаев кечээ Делидеги соода-өнөр жай палатасында бул өлкөнүн ишкерлери менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, анда эки өлкөнүн ортосунда бул тармактагы кызматташтыкка байланышкан маселелер кеңири талкууга алынган. Жолугушуу учурунда индиялык ишкерлер транспорт, туризм тармактарына, тоо кен жана кайра иштетүү өнөр жайына инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирген. Эднан Карабаевдин Индиядагы үч күндүк иш сапары бүгүн соңуна чыгат.(SM)

XS
SM
MD
LG