Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

АЙЫКПАГАН ЖАРАНЫН КАРТЫ


Мындан он жыл илгерки Барскоон капчыгайындагы экологиялык кырсыктын кесепеттери дагыле жоюла элек. Алааматтан жабыркагандарга өкмөт алгач 94 миллион сом төлөп берген. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин тепселген укугун коргоп чыккан 4 төрт айылдын калкына канадалык компания 3 миллион 700 миң доллар акча которуп берген. 1998-жылдын 20-майында Барскоон сайына төгүлгөн уулуу цианид менен хлордун зыянын Мамлекеттик комиссия 4,6 миллион доллар деп эсептеп чыккан. Он жылга созулуп бараткан жергиликтүү калк менен өкмөттүн, барскоондуктар менен канадалык компаниянын ортосундагы талаштын чоо-жайы Бекташ Шамшиевдин “Коом жана турмуш” түрмөгүндө козголот.

Барскоон кырсыгынан жабыркаган жергиликтүү калк айылды “экологиялык алаамат өткөн жер” катары сыпаттап келатышат. Ушу азыр да мындан он жыл илгери 20-май күнү жаңы чабылган арыкка Барскоон сайынан суу бурулуп, озунганы эшик алдындагы бак-даракты сугарып киришкенин, үрөй учурган кабар кыйла эле кеч айтылганын эскеришет.

Ал күнү Айылчы Жакыпов атасынын үйүндө болчу:

-Атамкында элем. “Уу чачылып калыптыр, уу төгүлүптүр” деп эл ызы-чуу түшүп жатып калышты. Үч-төрт күндөн кийин балдарым ооруп, температурасы көтөрүлүп, жаман болгонунан ооруканага алып барсак, “ууланыптыр” дешти. Анан он күндөн кийин “бала болбойт” деп колуктумдун боюнан алдырышты. “Майып болуп калат” дешти. Анан боюнан алдыргандан кийин “биз айткан эмеспиз, өзүңөр алдыргансыңар” деп чыгышты. “Цианид жок” дешти. Мына ушул убакка чейин балдарым ооруп жүрөт. Жардам, берилген жардамы дарыларга жетпейт. Азыр дары кымбат. Колуктум ооруп жүрөт.

Ушул эле Барскоон айылынын аксакалы Асан Жусуев ал күнү күндөлүк тирилик менен жүргөн:

- Сyу ириңдеп агып келип, эл ызы-чуу түшүп калды. Мен ошондо гана туйдум. “Суу ичпегиле, ууланды” дешти. Мен ушул күнгө чейин ошол цианидден да суyга хлор төккөнүнө эмдигиче нааразымын. Бир килограмм хлор суу сактагычка жумасына бир эле жолу себилет. А бул жерге 25 тонна хлор таштады. Элдин көбүнүн жанагы бөйрөк ооруган, өпкөсү ооруган, баш ооруганды мен ушул хлордон гана көрөм. Бүт арыктарга, талааларга хлор чачтырды. Ошол чачтырган кишиге каалагандай өкүм чыгарса болор эле. Цианидден мурун хлор оорутту бизди.

20-майда Барскоон айылынын жашоочусу Кабылбек Эсенгулов эгинин карап талаада жүргөн:

-Ушундай кез. Айыл өкмөтү анда Муктар Мусаев мени токтотуп алды. “Аба, сууга уу төгүлүптүр, мен башына кеттим, элге айт, суу ичпесин, малды сугарбасын” деп айтты. Мен жогор жактан келаткам. Жүгүрүп отуруп учураган элдин баарына айттым. “Суу ичпегиле, суу ууланыптыр, суу албагыла” деп айылдын башына чейин чыгып кайра келсем, айыл өкмөт да сууну токтотуп келип калган экен. Анын ызы-чуу түшүп эле калдык. Үч-төрт күндөн кийин чоңдор келди. Хлор төктүрүштү. Сууну токтотушту. Токтопой эле койсо болмок экен, сиңе бериптир да. Токтотпой койсо, көлгө куюла бермек экен. Анан 100 автобус келип үйбүлөбүздү күңгөйгө салып кетти. Үйгө кулпу салып, малды таштадык. Кетчүсү кетти. Ошондон бери эле ызы-чуу менен келатабыз.

Ал эми Канат Мамбетовдун он жылдан бери көңүлүн өйүп келаткан маселе эмнеликтен Барскоондогу кырсыктын зыяны калыс, терең иликтенбегени. Анын айтуусунда, кырсыктын кесепети жаап-жашырылып, элге ачык билдирилген жок:

-Менин уулум 23-августта төрөлгөн. 6 айдан кийин башталды. Мынабу абам да жакшы билет. Бүт Барскоон билет. Мынабу жери, көзү эле калган. Денесинин баары жара болгон. Сүрөтү бар. Бир жарым жыл уктаган жок. Ошондон кийин чачым агарып кетти. Анан өзүм сезем да, ошол 1998-жылдан кийинки абалым жакшы эмес. Мен Чүйгө, Нарынга кайындарыма барганда өзүмдү жеңил сезип калам. Ал балам азыр 3-класста окуйт. Катуу айтпайм, катyу айтсам эле жаман боло баштайт, денеси кычышып, кызарып чыгат. Азыр саясат эле болуп калды. Акчаны айтып жатабыз. Ден соолукту акчага сатып албайсың да. Ушуга эле таң калам да.

Кырсык келип-келип жалгыз кызын тооруп, көзгө басар тестиер кызы баса албай олтурганын Барскоон айылында жашаган Гүлзат Рабаева ый аралаш баяндап олтурду:

- Уу түшкөн убакта мен ата-энемдикине айылчылап келгем. Бишкекке барганда ууланганым билинип ооруп калдым. Аябай катуу ооруп госпиталга барып жаттым. Эл ичкен суудан ичкенбиз. Ошол ууланганымдын айынан кийинчерээк төрөлгөн кызым майып болуп төрөлдү. Жолдошум да каза болуп калган. Бир кыз менен үйдө олтурам. Эч жерден жардам жок. Жардам акчаны ар бир үйбүлө короосуна гана алышты. Моралдык зыян эч бир кишиге төлөнүп берилген жок. Кайрылбаган жерим калбады. Депутаттарга чейин бардым. Кызымды жакшы ооруканага жаткырсам, ал дагы балдар катары окуса дейм. Кызым баспайт, сүйлөбөйт. Азыр сегизге чыгайын деп калды. Кумтөрдөн деле келип сурашкан жок. Кээде бир жүз сомдук белектерди алып калабыз. Болбосо эч кимдин иши жок. Уудан зыян алгандарга компенсация төлөп бериши керек. Аны эч ким эске ала элек.

Кичи Жаргылчак айылынын жашоочусу Махабат Кылашева кырсыктын айынан баласын боюнан алдыруyга аргасыз болгон:

- 1998-жылы дарыгерлердин айтуусу менен үч жарым айлык боюмдагы баланы алдыруyга мажбур кылышкан. Андан бери он жыл өттү. Тирүү болсо ал бала онго чыкмак. Андан бери бир бала төрөдүм.

Он жылдан бери кырсыктан жабыркаган төрт айылдын эли болгон үмүтүн өкмөткө артып, бийликтен жардам сурап келди. Кырсык өткөндөн кийинки чаң-тополоң, жабыркаган элди жапырт Көлдүн күңгөйүнө автобус менен алып-барып келүү, ооруканадагы оор күндөрдү барскоондуктардын көпчүлүгү эсинен чыгарыша элек.

Өкмөт менен канадалык компания мүшкүл тарткандарга ошол 1998-жылы балдарга 500, чоңдорго 1000 сомдон таратышкан. Кырсыктан жабыр тарткандарга деп бөлүнгөн 94 миллион сомдун кыйласы жең ичинен жок болгону айтылып-айтылып тим болду.

Экологиялык кырсыктын айынан ал жылкы алчу пайдасынан кол жууп отуруп калган элдин арыз-арманы 2005-жылдын 24-мартынан кийин бийликтегилерге жетип “Центерра Голд” компаниясы төрт айылдын элине 3 миллион 700 миң доллар акча төлөп берүүгө макул болгон. Султан Осмоналиев аксакал кырсыктан жапа чеккендердин катарында ошол бөлүнгөн акчадан алган:

- Ошол акчадан 7 миң сом алдым. Эми кеп анда болбой жатат. 1998-жылы акча биздин Барскоонго деп бөлүнгөн. Бу Тамга, Тосор, Кичи Жаргылчак деп бөлүнгөн эмес. Анан баягы К.Бакиев менен Ф.Куловдун тандеми сыяктуу кол коюлуп, алар кошулуп кетип жатышпайбы. Эми моралдык чыгым деп жатабыз. Бая күңгөйгө ыйлап кеткендер. Бул жактан алып кетип жатканда “ өлтүрөт экен, Барскоонду бомбулайт экен, жок кылат экен” деген сөздөр болгон. Анан жолдо баратканда бир киши Дарканда каза болуп калды. Экөө бул жерде ошол эле күнү каза болду. Анан бизди милициянын күчү менен күңгөйгө алып барды. Алып барып он күндөн кийин кайра эле бул жакка алып келди. Эми ошол күңгөйгө барганыбыз – эс алуубу же үркүнбү? Экинчи үркүн да бул. Ошон үчүн биз “Кумтөрдү” сотко беребиз да, материалдык эмес, моралдык чыгымды төлөтүп алабыз.

Үсөнбай Сааданбеков аксакалдын айтуусунда, экологиялык кырсыктын залалынан каза тапкандардын саны арбып кетти:

- Бул кыйын дарт экен. 200 жакын киши чыгымы болду. Жумасына экиден-үчтөн чыгым болуп жатат. “Кумтөрдүн” өзүнүн биз менен түзгөн келишими бар. Ошондон алтын кен кирешесинин 0,02% Барскоонго төлөп бермек болгон. Эч нерсе төлөгөн жок. 92 миллион сомду А.Акаев шыпырып кетиптир. Андан эч нерсе жок.

“Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын ырасташынча, Алмазбек Атамбаевдин тушунда кол коюлган “Центерра Голд” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы мунаса келишим кандай шарттар менен түзүлгөнүнөн эл кабарсыз.

- А. Атамбаевдин тушунда комиссия түзүлүп келишимге жетишкен. Бирок биз канча жолу айттык. “Жергиликтүү эл өкүлдөрүнөн кошкула, эл шарттарын билишсин, мурункудай коррупциялык схема болуп калбасын” дегенбиз. Бирок антишпеди. Баары жабык эшик артында өттү.

Мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын күзүндө “Кумтөр” алтын кенине атайы барып, ал жерде экологиялык талаптар кандай сакталып жатканын өз көзү менен көрүп кайткан. Мунаса келишимдин жөн-жайын ал мындайча чечмелейт:

- “Кумтөр” менен тыкан карадык. Мындан ары да аны жакшылап караш керек. Аларга мамиле жакшы эмес болчу. Мына “Талдыбулакты” билесиздер. Лицензиясы 300 сомго берилип кеткен. Биз алар менен сүйлөшүп 750 миллион сом алдык. Ошондой эле маселени, мен ойлоп турам, “Жерүйдүн” инвесторунун алдына коебуз. Башка инвесторлордун алдына коебуз.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыпов жаңы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталды деген пикирде.

- Эки жылдан бери өкмөт, Жогорку Кеңеш депутаттары биригип, жанагы келишимдерге кол коюлду. Эгерде бизде 33 миллион 869 миң акция болсо азыркы жаңы келишим боюнча 32 миллион 300 миң акция кошулуп 66 миллион ашуун акция болуп жатат.

“Кумтөр” алтын кен комбинатынын башкы инженери Болот Идрисов деңиз деңгээлинен 4400 метр бийиктиктеги ири ишканада негизинен кыргызстандык адистер эмгектенерин маалымдады:

- Бул жакта жергиликтүүлөр көп. Жана өзүңөр көрдүңөр го, 3- 4 эле чет элдик жүрөт. Ар бир бөлүмдө бир-экиден эле киши бар. Негизги бөлүмдөр төртөө эле. Тоокен жагы, таш талкалоо, техникалык тейлөө анан кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү.

Күн сайын Барскоон капчыгайын өрдөп кенге керектүү делген күйүүчү майдан тартып химиялык уулуу заттар жүктөгөн оор машиналар каттап турат.

Күн ысып чаң семирген убакта өйдө-ылдый каттаган автоунаалардын түтүнү Кыргызстандын эң кооз аймактарынын бири Барскоон капчыгайын каптайт. Алтын жылдан-жылга кымбаттап баратат. Бирок да анын наркына Кыргызстан талкаланган тоо менен чаңга көмүлгөн керемет капчыгайды коюуда.

XS
SM
MD
LG