Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

12:12 Элет жерлеринде “Айылда билим берүү” долбоору ишке кирди


Нарын, Баткен жана Чүй облустарынын бала-бакчалары жана мектептери жаңы спорт жабдуулары, муздаткычтар жана оюнчуктар менен камсыздалат. Бул жардам республиканын билим берүү министрлигинин “Билим бардыгы үчүн” программасынын “Айылда билим берүү” долбоорунун алкагында көрсөтүлүүдө. Белгилей кетчү нерсе “Билим бардыгы үчүн” программасын ишке ашырууда Нарын, Баткен жана Чүй облустарында абал оор деп табылып, аталган аймактарга көңүл биринчи кезекте бурулууда. 2007–2008 - окуу жылына карата бул иштерге 9 млн. доллар грант берилген. Жалпысынан аталган үч аймакта 49 мектеп, 300 башталгыч мектеп жана 99 мамлекеттик бала-бакчаларга жардам көрсөтүү пландалган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады. (ESu)

XS
SM
MD
LG