Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

14:10 ЖК төрагасы пленардык жыйынды кечке чейин өткөрүүнү сунуштоодо


Төрага Адахан Мадумаров парламенттин жалпы отурумун азыркыдай түшкү саат бирге чейин эмес, кечке чейин узартуу боюнча сунушун кароону кат түрүндө фракция жана комитет башчыларына жолдогону тууралуу кабарды ЖК маалымат кызматы кабарлады. Жаңы кабыл алынган регламентке ылайык, депутаттар жумасына эки жолу, бейшемби жана жума күндөрү гана саат тогуз жарымдан бирге чейин пленардык жыйынга чогулушат. Эгер төраганын сунушу колдоо тапса, депутаттарга бул күндөрү толук бойдон жыйындар залында иштөөгө туура келет.(SM)

XS
SM
MD
LG