Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

16:38 ЖК комитети Кумтөр боюнча келишимди кароону кийинкиге жылдырды


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети бүгүн бул келишимди карап, бирок каржы полициясы Кумтөр ишканасына каршы козгогон ишке байланышкан жагдайлар ачыкталмайын чечим кабыл албай турууну чечти. Ошондой эле комитет каржы полициясынан бул ишке тиешелүү материалдарды берүүнү сурады. Комитет төрагасы Эрик Арсалиевдин айтымында, бул бир-эки күндүк гана маселе. Тиешелүү документтер түшкөн соң комитет мүчөлөрү кайра чогулуп, келишим боюнча чечимин чыгарат. Былтыр ошо кездеги премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектеген кыргыз өкмөтү менен Канаданын «Камеко» компаниясынын ортосунда түзүлгөн Кумтөр алтын кени боюнча келишимди мурдагы парламент жактырган эмес. Эми аны азыркы Жогорку Кеңештин комитеттери менен фракциялары кароодо.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG