Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

17:28 “Кумтөр голд” компани: Бюджетке салык төлөгөн жок деген айыптоолор негизсиз


“Centerra Gold Inc” жана “Кумтөр” компаниясы массалык маалымат каражаттарында компанияга каршы кылмыш иши козголду деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү таркатты. “Бизге каршы Каржы полициясы кылмыш ишин козгогондугу тууралуу эч нерсе белгисиз. Бул тууралуу да тийиштүү органдар бизге эч нерсе билдиришкен эмес. Бир нече ай мурун “Кумтөр голд” компани 2003-2004 - жылы салык төлөө боюнча текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында салык инспекциясы менен келишпестиктер пайда болгон эмес. “Кумтөр” компаниясы түзүлгөндөн тартып, жергиликтүү мыйзамдарга ылайык салыктарды төлөп келген. Ошондуктан, биздин дарекке кандай гана айыптоолор болбосун алар негизсиз”, - дейт “Кумтөр голд” компанинин президенти Андрей Сазанов. (ESu)

XS
SM
MD
LG