Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

17:40 Нарын облусунда болгон зилзаладан жабыркагандар жардам албаганына нааразы


2006-жылдын 26-27-декабрында Нарын облусунда болгон жер титирөөдөн жабыркаган айрым тургундар тиешелүү жардам ала алышпай нааразы болушууда. Жер титирөөнүн очогу болгон Каракужур өрөөнүндөгү Туурасуу, Жеркөчкү, Лакол айылдарындагы жабыркаган 12 үй катоо даражасына кирбей, жардам алалбай калдык деп “Азаттыкка” кабарлады Лакол айылынын жашоочусу Асанбек Эркинбаев. Анын айтымында, учурда өзү айласыздан туугандарыныкында Кочкор районунда жашоодо. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын району боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Чекирбаев жогоруда айтылган үйлөрдүн айрымдары экинчи даражага кирип, жардамга муктаж эмес. Υч үйбүлө турак-жайларын бекитип, жок болуп жатышкандыктан үйдүн ичин көрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын билдирди. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG