Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:47

17:50 Нарында президенттин кадр саясатына нааразы болуп кол чогулткандардын саны 1200гө жетти


Мындай маалыматты бүгүн Коммунисттер партиясынын Нарын шаар коомунун катчысы Асыл Жаманова “Азаттыкка” билдирди. Мындан бир нече күн мурда Нарындагы коммунисттер президент Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан кадр саясатына нааразычылык билдирген тегерек үстөл жыйын өткөрүшкөн. Анда коммунист Ишенбай Кадырбековдун Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилигинен себепсиз кызматтан алынышы сынга алынган. “Биз Ишенбай Кадырбековдун кызматтан алынышы боюнча президенттин жарлыгына карата нааразылык акциясын улантуудабыз. Учурда акцияга катышып кол койгон адамдардын саны 1200гө жетти. Акция дагы улантылып жатат”, - дейт Асыл Жаманова. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG