Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

16:40 Каржы полициясы мурдагы премьер-министр Николай Танаевге каршы кылмыш ишин козгоду


Ага «Кумтөр голд» жана «Сентерра голд инк» компанияларына мыйзамсыз инвестициялык жеңилдик берген деген айып тагылууда. Николай Танаев мындай жеңилдикти өкмөт башчы болуп турган 2003-жылы кыргыз өкмөтү менен бул эки компаниянын ортосундагы инвестициялык келишимге кол койуу аркылуу берген. Ага азыр кылмыш кодексиндеги үч жүз бешинчи «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турарбек Масыбаев билдирди. Анын айтымында, эми кыргыз тарап Орусия прокуратурасына КМШ келишимдерине ылайык аны Кыргызстанга өткөрүп берүүнү сурап кайрылмакчы. Николай Танаев 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашоодо.(SM)

XS
SM
MD
LG