Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

6-февралда кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясынын ортосундагы мунаса келишимди парламенттин эларалык мамилелер жана парламенттик байланыштар комитети кароону кийинкиге жылдырды. Депутаттар мындай чечимге келишин каржы полициясынын “Кумтөр” алтын кенине карата кылмыш ишин ачканына байланыштуу түшүндүрүштү.

Парламентте абсолюттук дегидей көпчүлүктү түзгөн “акжолчулардын” өкмөт өткөн парламенттен өткөзө албай калган канадалык компания менен түзгөн мунаса келишимин кароону бул ирет артка жылдырып коюшун эч ким күтпөсө деле керек. Өкмөт менен компания ортосундагы келишимдин үтүр-чекитине чейин жат билген эксперттик топтун жетекчиси Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун комитет мүчөлөрүн келишимди эртерээк карап берүү тууралуу өтүнүчү жоопсуз калды:

- Тилекке каршы, башка убакка жылдырылды деп атат. Эми бул боюнча фракция лидери менен сүйлөшүп көрөбүз го дагы. Премьер-министрге айтыш керек. Бул жерде депутаттардын да суроолору туурабы деп чечип жатам. Эгерде каржы полициясы өкмөттүн курамында болсо, анан өкмөткө 1 миллиард 300 миллион доллар алып келе турган келишимдерди талкуу болуп жатканда бир үч-төрт күн чыдап коюшса болмок экен деген менин оюм бар.

А.Жапаров канадалык ишкерлер өткөн жылдын августунда кол коюлган келишимдин тезирээк парламент жактыруусуна ээ болушун күтүп жатышканын маалымдады:

- Улам жылган сайын эле мына азыр канадалык “Камеконун” экономикалык, каржылык маселелер боюнча биринчи вице-президенти Тим Гохин кайрылды. Алар да айтып жатышат. Өкмөт башчыга кат да жиберип ийишиптир. “Референдумга чейин токтогула дедиңер эле токтодук. Парламент болсун дедиңер эле, куттуктайбыз, “Акжол” 90%, өзүңөрдөн болду. Эми эмне болуп жатат?” деген суроолорду жолдоп ийишкен экен. Андай каттарга премьер-министр жооп берет.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыпов Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү келишим менен парламент депутаттары кенен-кесир таанышып чыгуусу керек деген пикирде.

- Эки келишим. Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү маселе. Ошон үчүн бүгүнкү чечим, менин оюмча, туура эле болду го деп ойлойм.

Жаңы келишимге ылайык, Кыргызстандын “Центерра Голд” компаниясындагы акциялары 15% жогорулап, республика ээлик кылган акциялардын баасы 1 миллиард доллардан ашты. Өкмөт келишим парламент тарабынан жактырылып калса “Кумтөр” алтын кенинен алынчу төлөмдөрдүн өлчөмү, ошондой эле комбинаттын Ысыккөл облусунн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошчу салымы кыйла көбөйөрүн айтып келатат.

Келишим мурдагы парламент тарабынан бир айдан ашуун талкууланып, кабыл алынбай калган. Алтын проблемасына байланыштуу мурдагы “легендарлуу парламенттин” таркатылганы көпчүлүктүн эсинде.

Кийинки парламенттин маалынан эрте таратылышына мына ушул “алтын келишими” кайсы бир деңгээлде себепкер болгонун божомолчулар белгилеп келатышат.

Эмнеликтен азыркы бийликтин парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Акжол” партиясы өкмөттүн эки жылга бараткан келишимин кароону создуктуруп жатышын Жогорку Кеңештин эларалык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин төрагасы Эрик Арсалиев депутаттардын келишим менен тааныш эместигине байланыштырды:

- Мына иш козголуп жатпайбы. Түшүнүксүз болгону үчүн биздин фракциябыз эмки күндөргө калтырып койду бул маселени. Жок-жок, “Акжол” партиясынын ичинде андай сөздөр деле болгон жок. Ар бир депутат өзүнүн жеке оюн айтып жатат. Канадалык өнөктөштөр бизди теңата көрсө бизди эмне үчүн 15-февралга чейин бүтүрүп бергиле деп кысым кылат?

Келишим буга чейин энергетика, отун-суу, пайдалуу кендер боюнча комитетте каралып, чечим кабыл алуу кийинкиге жылдырылган.
XS
SM
MD
LG