Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

“ЧОҢ ШЕЙШЕМБИ” ПРЕЗИДЕНТТИК ЖАРЫШКА АЙКЫНДЫК КИРГИЗГЕН ЖОК


АКШнын 24 штатында өткөн добуш берүү демократтар лагерине айкындык киргизген жок. Сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама күтүлгөндөй эле дээрлик бирдей сандагы добуш алышты. Республикачылдардан болсо сенатор Жон Маккейн буга чейинки лидерлигин бекемдөөгө жетишти.

“Чоң шейшемби” ошентип аяктады, бирок президенттик жарыш уланууда. 24 штатта өткөн ички партиялык шайлоодон кийин деле ноябрда Ак Үй үчүн ким ат салышат деген суроого эч ким жооп бере албайт.

Жон Маккейн “чоң шейшемби” аны талашсыз лидерге айландырат деп күткөн эле:

"Мен эч качан аутсайдердин ролуна өзүмдү даярдаган эмесмин, ар дайым жеңишти көздөгөм, бирок азыр гана республикалык партиянын атынан Кошмо Штаттардын президенттигине негизги талапкербиз деген идеяга көнүшүбүз керек деп ойлоп калдым" - деди саясатчы Калифорния, Иллинойс жана Нью-Йорк өңдүү маанилүү штаттардагы жеңишинен кийин.

Анын атаандаштарынын бири Арканзас штатынын мурдагы губернатору Майк Хакаби күтүлбөстөн 5 штатта утуп, жаңы дымак алгансыды.

“Чоң шейшемби” Маккейндин негизги атаандашы Митт Ромнинин да Ак Үйдүн кожоюну болуп калуу үмүтүн кайрадан жандырды. Ал кечээ 6 штатта жеңди.

Демократтар партиясынын атынан президентикке талаптанууну көздөгөн Хиллари Клинтон Маккейн сыңары көп калктуу Калифорния менен Нью-Йоркто жеңди.

Аналитиктер ал демократтардын салттуу электораты - жумушчу классты өзүнө тарта алды дешет. Бул да түшүнүктүү, Клинтон айым медициналык камсыздоо, социалдык төлөмдөр, билим берүү тармагына өзгөртүү киргизүүгө убада берип келатат. Испан тилдүү добуш берүүчүлөр да Хиллариге ишеним көргөзүштү.

Барак Обаманын маанайы да кечээки өнөктүктөн кийин көтөрүңкү болду. Жалпысынан алганда ал Клинтонго караганда көбүрөөк штатта жеңди. Сенатор өзгөчө афроамерикалыктар менен билимдүү калк арасында популярдуу экени дагы бир жолу айкын болуп калды:

"Биздин убакыт келди. Биздин иш-аракеттерибиз реалдуулук болуп калды. Америка өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат".

Ички партиялык шайлоо бардык штаттарда жайдын этегинде аяктайт. Анда эң көп колдоо алган кандидат ар бир партиянын курултайында президенттикке талапкер болуп аталат.

Кечээ ошол жыйындарда добуш берчү делегаттардын жарымынан азы аныкталды. Алсак, Маккейн “чоң шейшембиден” кийин Митт Ромниге караганда эки эсеге көбүрөөк делегаттарга ээ болду. Бирок ал басымдуу көпчүлүктөн дагы алыс.

Демократтардан Клинтон 700, Обама болсо 600 делегаттын добушун камсыздады. Бирок партиянын талапкери болуп тандалыш үчүн 2 миң делегаттын колдоосу керек.

XS
SM
MD
LG