Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН БАШЫНА КИМ КЕЛАТАТ?


Президент Курманбек Бакиев Конституциялык соттун жетекчилигине Светлана Сыдыкованын талапкерлигин көрсөттү. Светлана Сыдыкова мурда сот системасында кыйла жыл иштеп, акыркы кездери Конституциялык соттун мүчөсү катары кызмат кылып келген. Байкоочулар бул талапкерди элге анча белгилүү эмес жаңы фигура катары сыпатташса, бийлик өкүлдөрү өз ишин мыкты билген адис экендигин айтып жатышат.

Конституциялык соттун жетекчилигине көрсөтүлгөн Светлана Сыдыкова былтыркы жылдын 19-апрелинен бери Конституциялык Соттун мүчөсү кызматын аркалап келген. Кийинчерээк Жогорку Кеңеш, Конституциялык Соттун апрель айында шайланган үч мүчөсү тууралуу токтомунун күчүн жоготкон дагы бир токтом кабыл алып жиберип, эки кесиптеши менен бирге Светлана Сыдыкова дагы Жогорку Кеңеш менен соттошкон эле. Анда Конституциялык Соттун мүчөлөрү депутаттарды жеңип алып, натыйжада баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлгөн жалпы элдик референдумга жол ачылган.

Конституциялык Соттун мүчөсү кызматынан мурда Светлана Сыдыкова сот системасында бир топ жыл эмгектенген. Адилет министри Марат Кайыповдун сыпатташынча, ал өз ишин мыкты билген адис:

- Биринчиден, ал сот системасында дайыма иштеп келаткан айым. Мен билгенден Майлуу суу шаардык сотунун жетекчи орун басары болуп иштеген. Андан кийин Чүй облустук сотунда, анан Чүй облусундагы бир райондун сотунун төрайымы болгон. Андан кийин Конституциялык соттун мүчөсү болду. Эми ошол судялардын ичинен конституциялык соттун жетекчилигине сунушталып атат. Такшалган адис, жумушун билет. Тажрыйбасы болсо бар, мыйзамдуулукту туу туткан айым деп билем. Мына мен Сот адилеттүүлүк кеңешинде эки жылдан бери иштеп келатам, буга чейин бир дагы жолу Светлана Сыдыкованын атына нааразычылык болгонун уккан жокмун.

Байкоочулар Конституциялык Соттун башчылыгына сунушталып жаткан адамдын элге анча таанылбаган жаңы фигура экендигин, кандай болгон күндө да президент сунуштаган талапкерди бийлик партиясы бир добуштап колдоп берерин айтып жатышат. “Ак жол” партиясынан келген депутат Алишер Мамасалиев да талапкер тууралуу маалыматы жок экендигин, анын сунушталып жатканын бирөөлөрдөн укканын айтты:

- Бул талапкер боюнча биз сүйлөшкөн жокпуз. Жогорку Кеңешке сунушталганы тууралуу маалыматты агенттиктер жазып чыкандан билдим. Ошондуктан мага деле анын өмүр-таржымалы, иш-тажрыйбасы, Конституциялык сотто реформаларды жасап-жасабай турганы тууралуу ойлору белгисиз.

Бир катар адистердин пикиринде, бул кызматка келген адам мурда өзүнүн тазалыгы, принципиалдуулугу менен айырмаланган адам болушу максатка ылайык. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова дагы жаңы талапкер мурда анча белгисиз болгонун баса белгилеп, негизи бул кызматка барган адам такшалган таза адис болушу керектигине токтолду:

- Эми мурда бул киши сот болуп келгенден кийин, бул киши мурда канчалык денгээлде акыйкат чечимдерди кабыл алган, кабыл алган чечимдери нааразычылык жараткан эмеспи деген сыяктуу критерийлер болуш керек деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG