Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

ИИМ жана чегара кызматынан маалыматы боюнча өткөн жылы Кыргызстанга 75 миң кытай жараны кирген. Анын ичинен административдик жоопко тартылган 120 кытайлык жаран кайра өз мекенине чыгарылган. Ал эми байкоочулар болсо, ИИМ менен чегара кызматынын расмий тизмесине илинбеген миңдеген кытайлык жарандар учурда Кыргызстанда ээн-эркин жүрүшкөндүгүн айтышууда. Кээ бир пикирлерге ылайык кытайлык жумушчулардын арзан күчү кыргызстандыктарды эмгек базарынан сүрүп чыгарууда.

Байкоочулардын баамында кытайлык жарандар Кыргызстандын борборунда, Ош жана Карасуу шаарларында көп кездешет. Алар башында бул шаарлардагы соода борборлорунда иштеп келген болсо, акыркы убактарда кытайлык жарандар кара жумушка да жалданып иштеп башташты, дешет алар.

Жогорку Кеңештин миграция комитетинин мурдагы жетекчиси Улукбек Ормоновдун айтуусунда Кыргызстанда чет элдик жарандардын келип-кетүүсү, ишкерлик кылуусун жөнгө салуу боюнча мыйзам бар, ал сакталууга тийиш:

- Ошол чет элдик жаран келип иштегенде ал кыргызстандык жарандын жумуш ордун ээлеп албасы үчүн атайын мыйзамдар каралган, булар аткарылууга тийиш. Чет элдик ишкерлерге уруксат бергенде алардын жумушчулары он пайыздан ашпасын деген норма киргизилүүсү тийиш.

Бирок бул мыйзамдар чет элдик жарандар тарабынан аткарылбайт, албетте аларды мамлекеттик жооптуу органдардын кызматкерлери жаап-жашырат, деген пикирлер да жок эмес. Карасуу базарында соода кылган ишкер Бакытбек Сатыбалдиевдин айтуусунда, базарга соода кылуу үчүн келген кытайлык жарандар сөзсүз түрдө жумушчу күчүн өздөрү менен ала келишет же кытайлык жарандарды гана жалдап иштетишет:

-Эгер бир кытайлык бул жерге контейнерде соода кылуу үчүн келсе, ал сөзсүз түрдө өзү менен кошо төрт-беш мекендешин ала келет. Араба сүйрөгөн, товарын жүктөгөн да өздөрүнүн кишилери. Ошол эле учурда биздин кыргыз-өзбек балдар ишсиз отурушат. Мындайга жол берилгенден кийин, анда мамлекет алардан салыкты да көбүрөөк алсын.

Бакытбектин айтуусунда акыркы убактарда кытайлык жумушчулардын эмгегинен жергиликтүү соодагерлер да пайдалана башташкан учурлар бар, буга негизги себеп – баягы эле алардын арзан күчү.

25 жаштагы кытайлык ишкер Фей Бишкектеги “Таатан” соода борборунда ишкердик кылат. Анын айтуусунда, Фей Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого аракет кылат:

-Мен Кыргызстанга келгениме эки жыл болду. Башында орусча үйрөнүп, анан “Таатан” соода боборунда соодага киришкем. Сырттан келгендердин деле жаман-жакшылары бар. Бирок мен дайыма мыйзамды сактоого аракет кылам.

Кыргызстанга келип иштөөчү мигранттар үчүн жыл сайын өлкө квота бөлүп берет. Өткөн жылы 8 800 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө, соода сатык кылууга уруксат берилген. Быйылкы жылы кыргыз өкмөтү он миң кишиге уруксат сурап, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине кайрылды. Парламент бул маселени жакынкы күндөрү карамакчы.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормоновдун белгилөөсү боюнча, кыргызстандык жарандардын эмгек орундарын ээлеп аткан жумушчу күч жалаң эле кытай жарандары эмес, коңшулаш Казакстан менен Орусиянын жарандары да бар. Аларга да тиешелүү деңгээлде чара көрүлүүсү керек, дейт депутат:

-Учурда Кыргызстанда бир гана Кытайдын жарандары иштеп аткан жок да. Түрк ишкерлери курулуш менен алектенип атышат. Бизде азыр кыргызстандыктардын иш ордун ээлеп аткандардын арасында коңшулаш Казакстандын, Орусиянын жарандары да толтура. Мисалы: бул мамлекеттерде казино ойнотууга тыюу салгандан бери ал жактын жарандары Бишкекте, Чүйдө казино ачып, иштетип, иштеп атышат. Буга да көңүл бурушубуз керек, аларга да квота барбы, жокпу, али белгисиз да. Мунун баарын парламентте мыйзам каралган учурда кеңири талкуулайбыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG