Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Айрым иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда элдин колунда совет доорунан калган көп курал бар. Айрым маалыматтарга караганда, кийинки 10 жылда элдин колунда мыйзамсыз жүргөн 5 миңден ашуун курал тартылып алынган. Бирок, өлкөдө канча адамда, канча курал-жарак бар экенин эч ким так билбейт. "Курал саткан дүкөндөрдө алардын наркы канча турат? Карапайым калктын курал сатып алууга чама-чаркы жетеби жана эл курал-жаракты этияттык менен колдонушабы?" деген суроолор учурда дагы күн тартибинде.

Кыргызстанда курал алуунун өз тартиби бар. Мисалы, курал алуудан мурда аңчылык боюнча коомдорго мүчө болуш керек. Ал үчүн курал кармаганды биле турганыңызды сынак тапшырып, далилдешиңиз керек. Анан мурда соттолбогон болушуңуз керек. Психикалык оорудан алыс болуп, дени-кардыңыз соо болгону оң. Булардан тышкары наркодиспансерде ичкич же баңги катары каттоодо турбаган, жашы 20дан жогору, Ички иштер министрлигинен курал алып жүрүүгө уруксат алган адам гана курал сатып алууга укуктуу.

Өлкөдө аңчылык кылуучу курал-жабдыктарды сатуучу ондон ашуун дүкөн бар. Анын бешөө Бишкек шаарында. Аңчылык куралдарды саткан Бишкектеги “Мергенчи” дүкөнүнүн жетекчиси Виктор Ярцевдин билдиргенине караганда, бир жылда орто эсеп менен сайлуу 30-40 мылтык, сайсыз 50-60 мылтык сатылат.

Дүкөндөгү сайлуу мылтыктын эң кымбаты – “Жолборс” аттуу карабин. Наркы 72 миң сомдон 95 миң сомго чейин. “Вепрь”- мылтыгынын түрүн 29 миң сомдон 44 миң сомго чейин сатып алууга болот. “Иж” жана “Сайга” үлгүсүндөгү мылтыктардын наркы 24 миң сомдон 38 миң сомго чейин бааланган. Ал эми “ТОС” аттуу мылтыктардын наркы 21 миң сомдон 32 миң сомго чейин. Ал эми сайсыз кош ооз мылтыктардын түрү 5 миңден 30 миңго чейин.

Карапайым калктын мындай кымбат баалуу мылтыктарды алууга чамасы жетпейт. Карышкырга айбат кылуучу кош ооз мылтыктар да жокко эсе.

Мергенчилик коомго мүчөлүккө кирүү акысы 800-900 сом болгондуктан аны төлөп, ички иштер бөлүмдөрүнөн уруксат алууга чыгынгандар аз. Ал тууралуу Бишкектеги “Мергенчи” аңчылык дүкөнүнүн ээси Виктор Ярцев мындай дейт:

- Биз аңчылыкка пайдаланылчу курал-жаракты Орусиянын заводдорунан алып келебиз. Шериктеш өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда гана аңчылык курал-жабдыктарынан акциз салыгы алынат. Бирок андан өлкөгө жарытылуу деле пайда түшпөйт. Биздин өлкөдө кошумча нарк салыгы да жогору. Ошондуктан кардарлардын көбү куралды жана ок-дарыларды Казакстандын дүкөндөрүнөн арзаныраак сатып алып жатышат. Кыргызстанда мыйзамсыз курал сатуу базары жокко эсе. Өлкөдө куралды көзөмөлдөө иши коңшуларга караганда катуу тартипте. Кыргызстанда каттоодо турган мылтыктарды колдонуп жасалган кылмыш иштери жокко эсе, -дейт“Мергенчи” аңчылык дүкөнүнүн директору Виктор Ярцев.

Ал эми курал алып жүрүү жана курал сатуучу дүкөндөр тууралуу Бишкектин тургундарынын пикирлери төмөнкүдөй. “Бийиктик” басмасынын жетекчиси Жумадин Кадыров буларды айтат:

- Куралды кылмыш жасагандар, ууру кылгандар, өзүнүн байлыгынан корккондор эле алып жүрбөсө, аны алып кереги деле жок. Кыргызстандыктар мергенчилик кылуунун маданиятын билишпейт. Жаратылышты бүлдүрүп, “кызыл китепке” кирген жаныбарларды кырып жок кылып жатышат.

“Ак жол” фракциясынан парламент депутаты Бегалы Наргозиевдин пикиринде курал сатып алуучуларды калпты аныктоочу детектордон текшерип, атайын комиссиядан өткөрүп берүү зарыл:

- Курал сатуучу дүкөндөрдүн болгону жакшы. Азыркы учурда айыл жергесинде карышкыр абдан көбөйдү. Аны атууга элде курал жок. Кыргыз эли мал-жанын илгертен эле ит-куштан коргоп келген. Уруксат алуу үчүн ден соолугу таза, психикалык оруусу жок, баңги затты колдонбогон адам болгону оң. Мурда кылмыш жообуна тарбылбаганын аныктоочу медициналык справканы сатып же жасатып деле алышат. Ошондуктан курал алуучуну калпты аныктоочу детектордон текшерүү зарыл. Анан аңчылык курал алып, мал-жанын коргой берсин.

Бишкек гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкулов:

- Совет доорунда ар бир чабанда мылтык бар эле. Карышкырдан малын коргоо үчүн атайын уруксат менен берилчү. Анын баарын аңчылык коомдору, ички иштер кызматкерлери алып коюшту. Элде курал деле калбады. Эми ит-куш жакадан алып турганда малчыларда бирден мылтык болуусу зарыл.

Аскер адиси Токтогул Какчекеевдин айтымында, учурда өлкөдө ок атуучу канча курал бар экенин билүү, аныктоо кыйын. Себеби 8 жыл согуш болгон коңшу Тажикстандан жана башка өлкөлөрдөн мыйзамсыз алынып келинген куралдар арбын.

Өткөн кылымдын 60-70 жылдары өлкөдө аңчылык коомдорго мүчө атуулдарга сайлуу ТОЗ-8, ТОЗ-12 жана кош ооз 28-32 мылтыктары сатылып, каттоого алынган. Андай мылтыктарды чабандар малды ит-куштан коргоо үчүн да алышып, аларды “чып этме”, “кек”, “кош ооз” деп атап коюшчу. Алар кийинки мезгилде курал алып жүрүүгө уруксаты жоктордон жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөрдөн тартылып алынган.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы 10 жыл ичинде алынган куралдардын 1 миңден ашууну мыйзамсыз сакталган.

Өлкөдө аңчылык коомдорго канча адам мүчө жана курал алып жүрүүгө канча адамдын уруксаты бар деген суроого ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун берген жообу төмөнкүчө болду:

- Кыргызстанда аңчылык коомдордо, ички иштер бөлүмдөрүндө катталган 17 миң мергенчи бар. Алар катталууда турган 19 миңден ашуун үлгүдөгү аңчылык мылтыктарды аң уулаганда колдонуп жүрүшөт. Бул каттоодо турган мылтыктар менен өлкөдө бир дагы кылмыш кылуу фактысы болгон эмес. Кыргызстанда жашыруун түрдө ок-дары, курал сатылбайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG