Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Ак үй террорчу деп шектелгендерди сууга чөмүлтүү ыкмасынын тууралыгын коргоодо


Ак үй террор аракеттери үчүн шектелген адамдарга сурак учурунда сууга чөмүлтүү деп аталган ыкма колдонулганынын тууралыгын коргоодо. Ак үйдүн маалымат катчысы Тони Фраттонун билдиргенине караганда, президент Жорж Буш келечекте да террорчулукта шектелген адамдарга, белгилүү бир жагдайларда, кол салуу жасалышы толук ыктымал деп эсептелген учурларда колдонууга уруксат бериши мүмкүн. Ак үйдүн өкүлү бул тууралуу ЦРУнун директору Майкл Хайден жогорудагыдай ыкма бир нече жыл мурда "ал-Каиданын" үч адамына карата колдонулганын алгачкы ирээт моюнга алган соң айтты. Ал эми тергөө учурунда "сууга чөмүлтүү" ыкмасы колдонулушун сынга алгандар аны кыйноо деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG