Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

7-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Энесайлык кыргыз жоокерлери 1680-жылдын 7-февралында орус аскерлерине капыстан сокку урушту. Генерал М. Д. Скобелевдин «Илимий аскердик» 1876-жылдын 7-февралында соңуна чыккан.

Энесайлык кыргыз беги Эренактын чапкынына жооп ирээтинде жортуулга чыккан Красноярск жана Томь воеводаларынын аскерлери кыргыздарды Терекли йол өрөөнүнөн таппай, аларды издөөгө киришкен.

Кыргыздар курал, жабдыгы жана согуш өнөрү жагынан артыкчылык кылган орус аскерлерине каршы ачык согушпастан, тоорума амалды колдонушкан.

Жергиликтүү ландшафтты тапкычтык менен пайдаланышып, аска таш арасына буктурма коюшуп, каршылашкан тараптын колун азайтып турушкан. Кыргыз жоокерлери 1680-жылдын 7-февралында орус аскерлерине капыстан сокку урушкан.

Падышалык Россия Орто Азиядагы саясий жана экономикалык таасирин арттыруу максатында, адегенде Кокон хандыгын басып алуу керек экендигин түшүнгөн. Аскер стратегдеринин көрсөтмөсүнө ылайык, Генерал Скобелевге Наманган жана Анжыянда орун алган аскерди Коконго алып келүү үчүн буйрук берилген.

Генерал Скобелевдин отряды 1876-жылдын 7-февраль күнү таң атпай Кокон шаарына келип, Насреддин ханга өкүлдөрүн жиберген. Хан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүдөн соң, орус аскерлери чепти толук ээлеп алган.

Кокон хандыгынын калкты ченемсиз эзүүсү XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүнө кириптер кылды.

Көтөрүлүштү басыш үчүн хандык Россия империясынан жардам сурап, акыркы да чакырыкты илгиртпей кабыл алып, жазалоочу отряд курап козголоңчуларга каршы согуш операциясын баштаган. Козголоңчуларга каршы жасалган согуш аракети, генерал М. Д. Скобелевдин «Илимий аскердик» отчетунда толук чагылдырылат.

Генералдын отчету 1875-жылдын 25-декабрынан башталып, 1876-жылдын 7-февралында соңуна чыккан. Генерал М. Д. Скобелев Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү кыргыздар менен кыпчактар болгондугун белгилеген.

Балыкчы округунун шайлоо комиссиясы, 2006-жылдын 7-февралында уюшкан криминалдык топтун лидери катары таанылган Рысбек Акматбаевдин Жогорку Кеңеш депутаттыган талапкердигин каттады.

Бу күнү, 1478-жылы англис гуманисти Томас Мор, 1812-жылы айтылуу англис жазуучусу Чарльз Диккенс, 1897-жылы биофизик, археолог Александр Чижевский, 1906-жылы советтик авиаконструктор Олег Антонов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG