Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

ТАНАЕВГЕ КАРШЫ КАЙРАДАН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Кыргызстандын каржы полициясы экс-премьер-министр Николай Танаевге каршы кылмыш ишин козгоду. Каржы полициясы ага Танаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Кумтөр голд” жана “Центерра голд” компаниялары менен келишим түзгөнү негиз берди деп маалымдады. Буга чейин эле бир нече кылмыш иши ачылган менен Орусияга кетип калган Танаев эми кайра келип, жаза аларына коомдо күмөн санагандар арбын.

Учурда Орусиянын “Газпром инвест” компаниясынын жетекчиси болуп, Санкт-Петербург шаарында көк тиреген үйлөрдү куруп жаткан экс-премьер-министр Николай Танаевге 2005-жылы да бир нече кылмыш иши козголуп, үй камагында болгон.

Бирок, 2006-жылдын сентябрь айында Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалып, Улуттук коопсуздук кызматынын камагында 8 саат жаткандан кийин Жогорку Кеңештин бир топ депутаттарынын кепилдиги менен камактан бошотулуп, үйдөн чыкпоого тилкат берген. Ага карабастан андан кийин дарыланам деп, Москвага кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Каржы полициясы эми ага Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюуда. Анын себептери тууралуу Каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турар Масыбаев мындай дейт:

- Анткени, 2003-жылы Кыргыз өкмөтү менен “Кумтөр голд” компаниясынын ортосунда инвестициялык келишим түзүлгөн. Ошол келишимде финансылык жеңилдиктер каралган. Андай жеңилдиктер берилиши үчүн ал келишим Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтүш керек болчу. Андай ратификация болгон эмес. Ошондуктан Николай Танаевге каршы 305-берененин негизинде кылмыш иши козголду.

Буга чейин “Кумтөр голд” компаниясына каршы кылмыш иш козгоону саясий оюн деп эсептеген айрым саясатчылар Николай Танаевге каршы “Центерра голд” компаниясына байланыштуу иштин кайра козголушун кубатташууда.

Экс-депутат Орозбек Дүйшеевдин баамында, бул иш аягына чыкса “Центерра голд” менен түзүлгөн 2003-жылкы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим болгондугунун далили болмок:

-Танаев реструктуризацияны такыр туура эмес, Жогорку Кеңештин бир канча чечимдерине карабай, адистердин айтканын укпай туруп, өз билемдик менен 2003-жылдын 31-декабрында токтомго кол коюп койгон. Ал Жогорку Кеңештин талкуусунан өткөн эмес. Бул эң оор мыйзам бузуу болуп эсептелет. Экинчиден, реструктуризацияга байланыштуу Кыргызстан көптөгөн жоготууларга учурады, көптөгөн карама-каршылыктар болду. Демек, бул туура.

Николай Танаев башында турган өкмөт түзгөн келишим жалпы мамлекеттин эмес, бир топтун гана кызыкчылыгын көздөп түзүлгөндүгүн ошол кездеги парламенттин эксперттик тобу иликтеп, келишимге кол койгон мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылышы керек деген жыйынтыкка келген.

Бирок, ал 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин деле ишке ашкан эмес. Ушундан улам ошол кездеги Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Танаевди жоопко тартууга камданган каржы полициясынын аракетинен майнап чыкпайт дейт:

-Мен Башкы прокурор убагымда ага каршы козголгон 6 кылмыш иши бар болчу. Бирок, түшүнүксүз себептер менен аны Орусияга кетирип жиберишкен.Өздөрү качырып, менин убагымдагы кылмыш иштерин токтотуп коюп, бүгүн аны кайра эмне үчүн жандандырып жатканы мага түшүнүксүз. Кетирбеш керек болчу, кетиргенден кийин эми элден мурун Акаевди, андан кийин Танаевди алып келиш керек.

Ал эми каржы полициясынын тергөө бөлүмүнун башчысы Турар Масыбаев КМШ мамлекеттеринин ортосундагы Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде Орусиянын Башкы прокуратурасына эл аралык тергөө өтүнүчү жиберилип, Танаевди Бишкекке алып келүүгө катуу чара көрүлөт деген ишенимде.

Бирок, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев буга чейин “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда:

-Николай Танаев үйдөн чыкпайм деп тилкат бергенден кийин Москвага кетип калып, ал өлкөнүн атуулдугун алып, ошол жерде кала берди. Кайсы мамлекетте жүрсө ошол мамлекетке бизге өткөрүп бергиле деп суроо-талап жөнөтөбүз. Бирок, Орусия өткөрүп берген жери жок. Мыйзам ушундай,- деп Танаевди кайтарып келүүгө чама жок экендигин моюнга алган болчу.

Демек, бул иш мыйзам чегинде ишке ашабы же башка нукка түшөбү азырынча табышмак.

XS
SM
MD
LG