Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

6-февралда кечке жуук өкмөт үйүндө Азык-түлүк коопсуздугу Кеңешинин жыйыны болду. Анда өлкөнү дан жана башка негизги азык-түлүк менен камсыздоо маселеси каралды. Жыйында айкын болгондой бул максатка жетишүү үчүн каражат жетишпейт.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында өткөн жыйында азык-түлүк базарындагы азыркы кырдаал, инфляцияны ооздуктоо, азык-түлүккө баанын кескин өзгөрүүсүнүн алдын-алуу маселелери талкууланды.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу айыл чарбасынын абалы жана анын кудурет-дарамети тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин статс-катчысы Камбаралы Касымов маалымат берип, эгерде иригация системасына 335 миллион сом, үрөн чарбаларына 88 миллион сом жана мал ылаңына каршы күрөш үчүн 126 миллион сом атайын программалар үчүн бөлүнбөсө тармакта абал өзгөрүүсү күмөндүү экенин белгиледи. Быйылкы жылдын бюджетинде болсо андай каражат каралган эмес.

Бирок министрлик быйыл дан эгиндерин көбүрөөк жыйноого аракеттенүүдө. Бул үчүн жергиликтүү бийлик менен биргеликте дан эгиндери эгилген аянттарды 410 миң гектарга жеткирүү, же өткөн жылдагыдан 50 миң гектарга кеңейтүү жана түшүмдүүлүктү 25 центнерге жеткирүү менен быйыл 1 миллион 69 миң тонна дан алуу пландалууда. Бул өлчөмдөгү дан өлкөнүн керектөөсүн канааттандыра алат.

Өткөн жылы болсо өлкөдө 708 миң тонна гана дан жыйналган. Бирок ошол эле мезгилде жер семирткичтердин жетишсиздиги, техниканын эскилиги бул максатка жетүүгө тоскоолдук кылаарын статс катчы Касымов айта кетти. Өз кезегинде улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов 50 миң гектарга гана айдоо аянтын кеңейтүү менен 1 миллион тоннадан ашуун эгин жыйноо реалдуубу деген маселени көтөрдү:

Силер 50 миң гектар аянтка дан эгиндерин көбүрөөк эгип, жыйналган түшүмдү 1 миллион тоннадан ашырабыз дейсиңер. Былтыр 360 миң гектарга эгип, 700 миң тоннадай эгин жыйналган. Анан эле быйыл 50 миң гектарга көбүрөөк эгип, 300 миң тоннага данды көп жыйнайбыз деп жатасыңар. Муну кантип ишке ашырууга болсун.

Суталиновдун күмөн суроосун өкмөт башчы Игорь Чудинов да колдоп, реалдуу маалыматтарды айтууну талап кылды.

Жыйында өкмөт тарабынан дыйкандарга бөлүнө турган жардамды кимге берүү маселеси да көтөрүлдү. Президенттик администрациянын жооптуу кызматкери Азамат Дикамбаев бул маселеге карата мындай сунушун ачыктады:

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча айыл чарбасында акыркы жылдары өндүрүштүн көлөмү төмөндөп баратат. Бул мамлекеттин айыл чарбасына берген жардамынын натыйжалуугу боюнча маселени көтөрүүдө. Ошондуктан мамлекеттик жардам, колдоо ири айыл чарба субьектерине берилишин сунуштайбыз. Ал эми түшүмдү сатып алуу боюнча да мына ошондой чарбалар менен алдын ала келишимдерди түзүлүүсү максатка ылайыктуу.

Жыйында ошондой эле дыйкандарды «Айылбанк» аркылуу насыялар менен өз убагында камсыздоо, 200 миллион сомго келе турган жаңы техникаларды бөлүштүрүү маселеси да козголду. Өкмөт ошондой эле мамлекеттик материалдык корго кошумча 50 миң тонна казак буудайын сатып алуу үчүн чечим кабыл алып, тийиштүү кат Казакстандын өкмөт башчысына жолдонду. Бул чара инфляцияны ооздуктоо жана нан азыктарына баанын кескин өсүшүнө жол бербеш үчүн жасалды.

Бирок жазгы талаа жумуштарына карата көрүлгөн даярдыктар дурус эместиги айыл чарба министрлигинин маалыматынан көрүнүп турат. Маселен, зарыл болгон күйүүчү майдын 40% жакыны топтолгон. Жер семирткичтер менен камсыздоо түндүк региондо 20% да жетпесе, түштүктө Өзбекстандан ташылгандыктан абал дурус. Үрөн чарабалары да керектөөнүн 30-40% гана камсыздоого жарайт. Мындай шартта өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу кандай камсыздалаары белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG