Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Бангкокто бокс боюнча Тайланд королунун Кубогуна арналган мелдеште кыргызстандык үч спорт чебери коло байге алганы менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калышты. Бангкокко барган кыргызстандык тогуз боксчунун биринин да олимпиадага жолу болбоду. Былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатында дагы кыргызстандыктар ийгиликке жеткен эмес. Эми акыркы үмүт 16-мартта Астанада өтө турган Казакстандын президентинин кубогуна арналган турнир калды.

Эл аралык бокс федерациясы Азия континентине Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эки эл аралык Гран-при мелдештерин аныктаган. Анда биринчи жана экинчи орундарды жеңип алгандардын олимпиадага жолу ачылмак.

Анын бири - Тайланд королунун Кубогу 25-январда Бангкокто башталып, жеңүүчүлөрү 4-февралда аныкталды. Бул олимпиадага жолдомо берүүчү мөрөй талашууга Азиянын 28 өлкөсүнүн 150 өкүлү катышып, алтын жана күмүш байге ээлерине 19 жолдомо ыйгарылды.

Тайландга Кыргызстандын спорттук делегациясын «Ак жол» фракциясынан парламент депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров баштап барган. Ал Бангкоктон эки-үч күн сый-урмат көрүп, боксчуларга кеп-кеңеш берүүнүн ордуна Бишкекти көздөй баса берген.

Кыргызстандан Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу ниети менен Бангкокко барган 9 бокс чеберинин үчөө жарым финалга чейин жетип, алар коло байге алуу менен гана чектелди. Атап айтсак, 64 кг салмактагы Акматали Мадаминов, 69 кг салмакта өлкө намысын коргогон Давран Хабиров жана 81 кг салмакта күч сынашкан Чыңгыз Борбашев жарым финалга чейин барып, үчөө тең жеңилип, Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калышты.

Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Райхан Алкановдун айтымында, эми акыркы үмүт 16-мартта Астанада өтө турган Казакстандын президентинин кубогуна арналган турнир калды.

Себеби мында биринчи жана экинчи орундарга ээ болгон боксчуларга быйлкы жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат. Бирок Астанада Бээжин олимпиадасына жолдомо алган күндө да кыргызстандык боксчулар мөрөй алып, байгелүү орунга жете алышпайт. Кыргыз боксунун деңгээли төмөн, чеберчилиги начар, жаштарга машыгууга шарт жок, дейт Райкан Алканов:

-Себеби өлкөдө бул спорттун деңгээли төмөндөп, таланттуу жигиттерге шарт түзүлбөй, мелдештерге тааныш билиш аркылуу чабал боксчулар барып, федерация жетекчилери иштебей, бийлик талашуу менен алек болуп калышкан. Бангкокто өткөн Тайланд королунун кубогуна арналган бокс мелдешине катышкан тогуз спортчунун үчөө бирден гана жеңишке жетишкенде күмүш байгелүү болуп, Бээжин олимпиадасына жолу ачылмак. Ошондуктан коңшу Казакстан жана Өзбекстандын командалары менен бирге машыгуу керек, алардан тажрыйба алуу зарыл жана чеберчиликти жогорулатуу үчүн мыкты адистерди жалдоо керек.

Бокс адистеринин жакшы баасына арзып жүргөн Сапарбек уулу Тилек белгисиз себептер менен Бангкоктогу таймашууга барбай калып Бээжин олимпиадасына барууга жолдомо ала албай калды.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов боксчулардын аракетинен майнап чыкпай жатышынын себептери тууралуу мындай деди:

-Азия аймагында гана эмес дүйнө жүзүндө Казакстан бокс боюнча мыктылардын сабында турат. Эгемендүүлүк алгандан бери эле алардан үчөө олимпиадалык бийиктикти багындарып, чемпион аталды. Дүйнөлүк биринчиликте байге алган казак менен өзбектер да арбын. Ошондуктан Бээжин олимпиадасынын алдында Казакстан жана Ѳзбекстан менен биргелешип машыгууларды өткөрүү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Учурда улук машыктыруучулукка ылайыктуу адис табылбай жатат. Бокс федерациясы деле жыргатып, демилгелүү иштебей келүүдө.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү Бангкоктогу мелдешке бокс федерациясынын жетекчилери кайдыгер мамиле кылышканын сынга алды. Анын айтымында, бокс федерациясынын президенти, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бул спорттун өнүшүшүнө салым кошо албай, жаштарга шарт түзүп бералбай жатат:

-Биринчиден, бокска өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарыл. Курама командага кандай каражат бөлүнүп, кандай камкордукка алынса, ошого жараша ийгиликтер болот. Бирок, учурда кыргыз өкмөтү бокс эмес башка спорт түрлөрүнө да жардам берүүгө чамасы жетпей турат. Экинчиден, бокс федерациясы да өз алдынча каражат таап, көмөк берүүсү керек. Бул федерацияга экс-депутат, чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев президент болгону менен ал бокстун өнүгүшүнө салым кошо албай жатат. Үчүнчүдөн, кыргызстандык жаштар эл аралык чоң мелдештерге барбай, чеберчилиги аксап турат. Мелдештерге көп жиберүү менен аларды жатыктырып, такшалдыруу зарыл. Кыргызстандагы жакшы машыктыруучулардын көбү башка жумуштарга же башка өлкөлөргө кетип калышты. Кадр маселесин чечүү учур талабы.

Чынында Кыргызстанда бокстан чоң таймашуулар жокко эсе. Мурда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган мелдеш эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, бүт союздук республикалардан көп мыктылар келишчү. Кийинки жылдары эптеп эле өткөрүлүп, деңгээли төмөндөп кеткен. Ошондой эле бокс машыктыруучулары коңшу өлкөлөрдүн бокс мектептерин көрүп, өздөрүнүн да билим- илим деңгээлин жогорулатуу керектигин адистер айтышууда.

Тарыхка кайрылсак, кеңеш доорунда кыргызстандык бир дагы бокс чебери олимпиадалык оюндарга барган эмес.

Эгемендүүлүккө ээ болгону 1996-жылкы Атланта олимпиадасына дүйнө чемпиону Андрей Курнявка менен Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Нурбек Касенов катышып, бирок ийгилик жарата алышкан эмес.

2000-жылкы Сидней олимпиадасында кыргызстандык Алмаз Райымкулов алдынкы топко чейин жетип, үчүнчү орун үчүн күч сынашууда мексикалык атаандашына 14:12 эсебинде утулуп, мөрөй албай калган. Ошондой эле Сиднейде кыргызстандык Алексей Катулевский да мыктылардын сабына кошула алган эмес.

Ал эми 2006-жылы Афинада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда өлкө намысын коргоого барган жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдумомунов менен Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек Таласбаев биринчи эле беттешүүдө утулуу ызасын тартышкан.

Учурда кыргызстандык бир дагы бокс чебери Бээжин олимпиадасына жолдомо алыша элек. Бул жагдай кыргыз боксунун учурдагы ал- абалынан кабар берип турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG