Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

ЖАЛАЛАБАТ: МИТИНГ, ПИКЕТКЕ ЧЫГАМ ДЕГЕНДЕР ДАГЫ КОРКУШАТ


Жалалабатта өз оюн бийликтегилерге саясий акциялар аркылуу билдирүү болбой калды. Анткени, өз талаптарын митинг, пикет, же эркин чогулуу аркылуу билдире тургандарда чочулоо сезими үстөмдүк кылууда. Бийликтин кемчилик жактарын сындап келаткан «Асаба» партиясынын облустагы төрагасы Бекмолдо Чотоновду да белгисиз адамдар бир нече ирет телефон аркылуу коркутушкан. Сынчыл адамдардын артынан аңдуулар коюлуп, куугунтук жасалуусу ыктымал. Башка адамдардардын пикиринде облуста митинг, пикет өткөрүүгө негиз жок. Облбийликтин бөлүм башчысынын айтымында, саясий акцияларга тоскоолдук жасала элек.

Облуста белгисиз адамдар тарабынан адамдардын эркин чогулуу жана башка саясий акцияларга болгон демократиялык укуктары чектелүүдө. Чет өлкөгө көз каранды эмес, демократиялык мамлекет катары таанылып келген Кыргызстан соңку жылдары ошол артыкчылыктарынан чегинип баратат.

Бул тууралуу билдирген “Асаба” партиясынын облустагы төрагасы Бекмолдо Чотоновдун 4-февралда «Азаттыкка» билдиргенине караганда ал уюлдук жана үйүндөгү телефондорунун номерлерин алмаштырууга аргасыз болгон. Анткени, атын атабаган белгисиз кишилер аны бир нече ирет бийликти сындабоону, “Асаба” партиясын жана анын төрагасы Азимбек Бекназаровду колдобоону эскертишкен. Аксы окуясына байланыштуу митинг, пикеттерди уюштурчу болсо, жок кылынаарын кыйытышкан.

Чотоновдун белгилешинче, анын артынан дайыма аңдуу коюлган. Кысым көрсөтүүлөр менен куугунтуктоолордон чоочулаган адамдар саясий акцияларга барууга, өз ой-пикирлерин бийликке эркин билдирүүгө батынбай калышты дейт ал:

- Элдин арасында коркуу сезим болгон үчүн митингдерге тыюу салып, же өзүнүн оюн ачык айткандардын аркасынан издөө салып, аңдуу салып жаткандары ачык сөз. Мисалы, менин аркамдан дагы бир топ аңдуулар салынып, бир топ коркутуулар болду.


Буга дейре өз нааразылыгын ачык айтып көнгөн адамдар эми тилин тишине басууга аргасыз болушууда. Жалалабат шаарынын тургуну Мунар Жөргөмовдун баамында ушутапта каалаган адам өз ой-пикирин митинг, пикет аркылуу эмес, жадесе, маалымат каражаттары аркылуу айтуудан да чочулашып калды. Артынан куугун түшөөрүн боолгогон жарандар сындаган сөздөрүн бийликтегилерге жеткирбесе экен тейде ич күптүү болуп жүрүшөт:

- Мурункудай эркиндик жок, ачык маалымат бере албай калышты. Ачык маалыматтарды берген адамдарга кандайдыр бир күчтөр тарабынан кысымдар көрүлүп атат.

Жарандар өз талаптарын бийликке кайрылуу аркылуу койсо болот. Себеби, кесиби дарыгер Турдубай Турдуназаровдун эсеби боюнча бир кезде митинг пикеттерден башы чыкпаган Жалалабат калкы эркин чогугуу өнөкөттөрүнөн тажап, тынчтык орногондо гана өз эмгеги аркылуу үй-бүлөсүнүн жашоосун оңдоорун түшүнүп калган:

- Эл митингден жадап бүттү. Азыр тынчтык керек, экономиканы көтөрүш керек.

Жарандардын эркин жыйналыш, митинг өткөрүү укугу Баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Ал укукту эч ким тартып алалек. Саясий акцияларын өткөргүсү келген адамдарга бийлик тарабынан тоскоолдук болгон жок. Облбийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун жообунда оппозициядагы партия өкүлдөрүн коркутуу-үркүтүү тууралуу маалыматтар түшкөн эмес:

- Кыргызстанда оппозиция жок. Бардыгы Кыргыз Республикасынын атуулу. Оппозиция андай-мындай деп бөлүнүүнүн кажети жок. Констититуцияда да, мыйзамда да андай түшүнүктөр жок. Ар ким чыгып алып эле мен оппозиция деген ой-пикирлерди жаратып жүрүшөт. Президент баш болуп ар бирибиз ата мекенге кызмат кылууну көздөшүбүз керек. Митингдерди өткөрүү атайын Конституцияда көрсөтүлгөн, кандай учурларда, кантип өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG