Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Т. КАЗАКОВ: САЯСИЙ ОЮНДАРДЫ ТОКТОТУП, УЛУТ КЕЛЕЧЕГИ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНОЛУ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кечээ УТРКнын жамааты президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошуп, Мелис Эшимкановду колдоосун өтүнүштү. Ал эми айрым талдоочулар болсо, УТРК саясий оюндун чордонуна айланганын айтышууда. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна УТРКнын “Ибарат” борборунун башчысы Түгөлбай Казаков жооп берди.

-УТРКда учурда түзүлгөн кырдаалдын артында саясий кызыкчылык болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Буга сиздин жеке пикириңиз кандай?

-УТРКда реформа башталган сайын эле ушундай ызы-чуулар, чыр-чатактар болот. Бирок бизди өкүндүргөнү - ар бир жолу ошондой чыр-чатактын артында бир саясий күчтөр пайда болот да. Ошол чыр-чатакты жетээр жерине жеткирип, болоорун болтуруп, боегун кандыргандан кийин же УТРКнын башчысын алып түшүшөт, же болбосо реформаны токтото турган бир чечим болуп калат дайыма.

-Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү акциясынын артында бийик даражалуу адамдар турат деген дагы пикирлер пайда болду. Мунун канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгы бар?

-Биз дагы ошондой угуп жатабыз. Анан эми өздөрү келип айтпагандан кийин, же болбосо ушундай кишилер турат деп нааразы болгон тарап айтпагандан кийин баланча турат деп айтыш кыйын. Бирок бизге дагы ошондой сөздөр жетти.

-Кечээ айрым маалымат каражаттары Мелис Эшимкановду кызматтан бошотуу тууралуу президентке өзү арыз жазды деп айтып чыгышты. Ошондой эле эки күндөн бери кызматында жок деген маалымат чыгарышты. Мунун чоо-жайына дагы токтоло кетсеңиз.

-Ал киши ооруканада болду, бүгүн ишке чыгат. Ал эч кандай арыз жазып, иштен бошонгондугу тууралуу сөз жок.

-Ачкачылык жарыялагандар “УТРКнын жетекчилиги сүйлөшүүгө келмек түгүл, акыбалыбызды сураган жок” деп жатышат. Кечээ кечинде алардын экөөн ден соолугу начарлагандыгы тууралуу маалымат алдык. Алар менен байланыштыңыздарбы?

-УТРКнын атайын өкүлдөрү барып, алардын ден соолугун, абалын сурап, мүмкүн ошол ниеттен кайтып, сөзгө келеби же жокпу деген максат менен барып сурап келишти.

-УТРКда жаңылануу, жаңы долбоорлор болуп, реформалар жүрөт деген маалыматтар болуп жатат. Ушул жаңылануу кандайдыр бир коомдук сыналгыга жакындашууга алып барабы?

-Менин жеке көз карашымда, жаңы долбоорлор, жаңы көрсөтүүлөр, бул мамлекеттик теле болобу, коомдук болобу баары бир сапаты жагынан өйдө болушу керек. Азыр негизги басым сапатка коюлуп жатат. Жаңы долбоорлор мына четинен ишке кире баштады. Январь айында эфир жабылган, ошондо жаңы долбоорлордун даярдыгы башталган. Бир нече долбоор эфирге чыгып калды.

-Сиз мурда кайсы бир жыйында “УТРК бир саясаттан алыс болуп, мындай мамлекеттик идеологияны жүргүзүш керек” деген ойду айттыңыз. Ушул тууралуу дагы токтоло кетсеңиз.

-Мен чынында эле ошондой ниетимди айттым. Анткени саясаты жок, өзүнүн көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатып, сүйүктүү каналга айланып, улутка байланышкан көп нерсебиз бар, ошонун бардыгын Кыргызстандын ар тарабына жеткире турган жалгыз канал ушул экен, кыргыз тилиндеги телеканалдардан. Ошону тынчырак отуруп, жеткире турган тарыхыбыз бар. Азыр биздин кишилерден сурасаңыз өз тарыхын, кыргызстандыктардын 99 пайызы өз тарыхын билбейт. Мен атүгүл айтат элем 99, 9 пайызы билбейт деп. Ошону жеткирсек жакшы болбойт беле. Андан сырткары, башка элге жеткире турган руханий дөөлөттөрүбүз көп эле болуп жатат. Анын бардыгы жетпей жатат. Ушул чыр-чатагы жок, биринчи көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүп алып, анан улуттун тагдырын ойлой турган убакыт келди да. Же региондордун деңгээлинде эле чырылдашып жүрө беребизби?

-Өткөндө президент Курманбек Бакиев “мына бөлөк мамлекеттер менен чектеш жерлерде ошолордун тилиндеги маалымат каражаттары басымдуулук кылып жатат, ушул улуттук кыргыз тилиндеги маалымат каражаттарын өнүктүргүлө” деди. Ушул багытта сиздер кандайдыр бир иш-чара көрө башатадыңарбы?

-Бул тээ Аскар Акаевичтин учурунда эле маалымат коопсуздугу боюнча көтөрүлгөндө ал кишинин кулагына кирбей койгон. Башка мамлекеттер маалымат мейкиндигинин коопсуздугу боюнча алган чараларды көрмөк тургай “боор менен жылган экспанция” деп коебуз го, ошол сыяктуу маалымат каражаттары биздин Кыргызстандын аймагына кирип келишти. Мисалы 50-60 километрден ашпаш керек деген эрежелер болот. Азыр аны караган эч ким жок. Мына өзгөчө түштүктө бул маселе абдан курч. Мурда жасалбай калганы менен Курманбек Бакиев ушул маселени көтөрдү. Бул качан эле көтөрүлө турган маселе болчу. Эми кеч болсо дагы ошону көтөрүп, ордуна кое алсак жакшы болот эле.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG